Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 30.06.2022

Блогер 48 саатка камакка алынды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбекти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады. “Биз адвокат табууга аракет кылып жатабыз. Анын өзүнүн адвокаты жок болуп жатат. Бирок тергөөчү мамлекеттик адвокат алып келип эле кармоого даярдады. Анын бул жерде эч кимиси деле жок болчу. Жакындары баары айылда. Читать дальше...

Блогер Адилет Али Мыктыбек 48 саатка кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбекти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, Адилет Балтабайга “Жапырт башаламандыкка чакырган” деген айып коюлуп жатат. Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук башкармалыгы билдирүү таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси... Читать дальше...

ЖК регламент жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Azattyk.org 

“Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоору 30-июндагы сессияда каралды, дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.  Буга чейин мыйзамдын долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде биринчи окууда каралган. Анда депутаттардын добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүү сунушталып жатканы айтылган. 22-июндагы сессияда "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери... Читать дальше...



Көп кеби бар "Көк дептер"

Azattyk.org 

Белгилүү журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү. Ал автордун 15 жашынан берки күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Анда автордун ички сезимдери, балалык, студенттик кези, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы каатчылык, орчундуу саясий окуялар тууралуу ой-толгоолор камтылган.

Жогорку Кеңешти сынаган сессия

Azattyk.org 

Буга чейинки чакырылыштарга салыштырмалуу бир катар ыйгарым укуктарынан ажыратылган Жогорку Кеңештин VII чакырылышы биринчи сессиясын жыйынтыктады. Депутаттар эми бир ай эс алууда, бир ай эл менен жолугушууда болот. Алты айдын ичинде депутаттар талаш жараткан, жарандык коомдун, оппозициянын сынына кабылган бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Статистика көрсөткөндөй, алардын көбү президент же Министрлер кабинети сунуштаган документтер. Бул чакырылыш Кыргызстанда саясий институт, бийликтин... Читать дальше...

Президент Жапаров кумарканалар тууралуу мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берген мыйзамдарга кол койду. 30-июнда мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюлган эки мыйзам расмий түрдө “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталат. Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат. Кумарканаларды балдар бакчасынын... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы 35 адам ууланган тез татым жайы убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында 27-июнда “Ага-ини” деп аталган тез татым жайынан тамактанган соң өзүн начар сезип, ооруканага түшкөндөрдүн саны 35ке жетти. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов “Азаттыкка” 30-июнда билдирди. Уулануудан кийин Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тез татым жайын убактылуу жаап, 7,5 миң сом айып салынды. Учурда уулангандардын 27си облустук оорукананын... Читать дальше...



Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим

Azattyk.org 

Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.

Жапаров Рахмон менен эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 30-июнда Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, "Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду". Эки президент Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушканы, эки мамлекет жана... Читать дальше...

Аба ырайы: тоо этектеринде күн салкындайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 28…33; Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27…32; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10... Читать дальше...

Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

Azattyk.org 

Саясат талдоочу Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, маселе сотто бүгүн каралып, Казакпаев каза болуп калганына байланыштуу анын иши кыскартылды. 56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган. Он күнгө жетпей УКМКнын абагында дагы бир адам каза болгон. Читать дальше...

Жалал-Абадда тез татымдан 23 киши ууланды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы тез татымдардын биринен шаурма жегенден кийин өзүн начар сезгендер 28-июнда оорукана кайрыла баштаган.  30-июнда уулангандардын саны 23кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тез татымдан ууланып ооруканага кайрылгандардын абалы туруктуу, дары-дармектер жетиштүү. Жапырт уулануу боюнча тиешелүү кызматтарга кабар берилип, иштер жүрүп жатат. Тамактануу жайынын ээлери комментарий бере элек.  Май айында Сүлүктү шаарындагы тойдо 32 адам... Читать дальше...

АКШ Өзбекстандын Орусияга микросхема саткан ишканасына санкция салды

Azattyk.org 

АКШ Өзбекстандагы Promcomplektlogistic компаниясын санкция салынган ишканалардын тизмесине кошту. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланганын 30-июнда “Озодлик” радиосу жазды. Маалыматта айтылгандай, Мамдепартамент билдирүү таратып, быйыл 3-мартта АКШ коргоо өнөр жайы үчүн продукция сатканына байланыштуу орусиялык «Радиавтоматикага» каршы санкция киргизгенин, бирок Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясы ага микросхема сатып, санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бергенин айтты. Читать дальше...

Ошто дарыянын жээгинен студент кыздын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан 30-июнда кабарлашты. Маалыматка караганда, милициянын ыкчам кызматкерлери маркумдун тек-жайын териштирип, ал Баткен районунун тургуну, Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин 2-курсунун студенти экенин такташкан. Кыздын сөөгүндө көгала тактар болгон. Милиция кыздын зомбулукка кабылып-кабылбаганы экспертизанын жыйыныгы менен аныкталарын билдирди. “Учурда... Читать дальше...

Өзбекстан менен Казакстан коронавируска каршы чараларды жандантты

Azattyk.org 

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын көбөйгөнүнө байланыштуу Ташкенттин 12 районунда COVID-19га каршы адистешкен атайын бейтапканалар иштей баштады. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, атайын бейтапканаларда коронавирусту аныктоо үчүн экспресс жана ПЧР-тесттерди тапшырса да болот. Мындан тышкары ал жайларда бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аларды "тез жардам" унаалары менен ооруканаларга жеткирүү, ошондой эле рентгенологиялык изилдөө жүргүзүүгө шарттар бар. Читать дальше...

Германия: кыргызча жашап, немисче иштегендер

Azattyk.org 

Жыл сайын Европанын булуң-бурчунан келген кыргызстандыктар Германиянын Гейдельберг шаарына Кымыз фестивалына чогулушат. Быйыл да алар кымыз жасоону өздөштүрүп алган немис үй-бүлөсүнүн фермасына чогулуп, бири-бири менен таанышып, баарлашып, комуз күүлөрүн угуп кайтышты.

Төрөттөн кийин майып болуп калган келин боюнча териштирүү уланууда

Azattyk.org 

Төрөттөн кийин ден соолугу начарлаган келиндин иши боюнча дайындалган комиссиялык соттук-медициналык экспертиза уланууда, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бул тууралуу бүгүн 30-июнда “Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Назгүл Озконбаева быйыл январда Бишкектеги №4 Төрөт үйүндө төртүнчү баласын кесарево жолу менен төрөгөн. Операция учурунда ичегиси жабыркап, андан бери эки жолу Улуттук хирургия борборунда дарыланган келин 29-июнда ошол эле оорукананын ириң бөлүмүнө денеси ысып, кыйналган абалда жаткырылган. Читать дальше...

Геннадий Базаров: Нарксыздык – согуштан да коркунучтуу

Azattyk.org 

Кыргыз Эл артисти, "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, кинорежиссер жана сценарист Геннадий Базаров сыябан-маек куруп, кыргыз маданиятынын жеткен бийиктиги, чыгармачыл интеллигенциянын кечээгиси, бүгүнкү деңгээли, рухий дөөлөттөргө бийликтин мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.


Музыкальные новости
Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.





Rss.plus
Александр Бастрыкин

В аварийном доме в Забайкалье, которым интересовался Бастрыкин, заколотили подъезды




Парки Подмосковья обработали от клещей

Череповецкий проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023

К проекту «Открыто для всех» АСИ присоединилась крупнейшая платформа по дистанционному изучению английского языка Skyeng

Подмосковные энергетики перейдут на усиленный режим работы в мае




Окуучулардын тамагын 7 сомдон 14 сомго көтөрүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мектептердеги ар бир окуучунун күнүмдүк тамагына каралган 7 сомду 14 сомго көтөрүү жөнүндө токтом долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жыйынга билим берүү жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева катышып, күнүгө 14 сом бөлүп берүү каралып жатканын, 2023-жылы 20 сомго жеткирүү планын билдиришти. Көпчүлүк депутаттар жети сом эч нерсеге жетпей турганын сындашты. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...

"Күйөөм төрт баламды бербей жатат". Жанын кыйгысы келген келиндин окуясы

Azattyk.org 

Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келин бул жолго барууга эмне себеп болгонун түшүндүрдү. Ал ажырашкандан кийин күйөөсү балдарын көрсөтпөй жатканын, буга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтып чыкты. Күйөөсү бул дооматтарды четке кагууда. Буга чейин өз жанын кыюуга аракет кылган төрт баланын энесин милиция сактап калган видео социалдык тармактарга тараган. Ош шаарында Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган Айгерим Эмилбек кызы 28-июнда маалымат жыйын өткөрүп, окуянын чоо-жайын айтып берди. Читать дальше...

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек милицияда сурак берүүдө

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек милицияга сурак берип жатат. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн ырастап, суракка алынып келинишинин себеби кийинчерээк айтыларын белгилешти. Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында күбө катары 11-апрелде сурак берип чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктар") менен козголгон кылмыш иши боюнча суралганын айтууда. Читать дальше...

Садыр Жапаров мүлктү легалдаштыруу мыйзамында жеке кызыкчылыгы жок экенин айтты

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров парламентте талаш жараткан “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору жөнүндө пикирин билдирди. Жапаров бул мыйзамдын максаты коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурунку аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин айтты. “Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд. артын 100 млн. долларга чейин төктүрүп алгандай болдук. Ошого карабастан чет өлкөдө катып жаткан акчалары көп. Читать дальше...

Президент саясатчыларды негизсиз сындабоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйында сөз сүйлөп өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди. Ал саясатчыларды негизсиз сын айтып, саясий упай топтобоого чакырды. “Демократия принциптерине жамынып алып, киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикир айтып, саясий упай топтогоо аракет кылган саясатчыларыбыз дагы жок эмес. Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл. Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыш... Читать дальше...

Депутаттар "Манас" жана "Ош" аэропортторунун түрк компаниясына берилишин сындашты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев жана Шайлообек Атазов "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык YDA деген компанияга берилип жатканын сындап чыгышты. Акаев бул маселе боюнча президентке жана атайын кызматка кайрылды. “Биз аэропортторубузду 39 жылга сырткы башкарууга берип жатабыз. Муну Акылбек Жапаров ушул жерде айтты. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банк менен келишим түзүп, ачык сынак өткөрүлмөк деген сөз берилген. Германия, Түштүк Корея, Голландиядан... Читать дальше...



Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

В МХТ имени Чехова 8 и 9 мая пройдет концерт с песнями Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

NYU Hospital on Long Island performs miraculous surgery



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России