Сапар Исаков “Азаттыктын” иликтөөсү жөнүндө билдирүү таратты
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагынан адвокаттары аркылуу кат жолдоп, Кыргызстандан чыгарылган каражаттар боюнча маалымат берди.
Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын штабы кабарлады.
Абактан жолдогон катта Исаков “АККА” ишканалар тобунун жетекчиси Хабибулла аттуу адамды 2017-жылдын ноябрь же декабрь айында президент Сооронбай Жээнбековдун суранычы менен кабыл алганын билдирген.
“Хабибулла өкмөт үйүнө өткөрмө бекет аркылуу эмес, президент Сооронбай Жээнбековдун жансакчыларынын коштоосунда келген. Муну менин жардамчым Бегимай Акимбаева жана күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси ырастап берет”, – деп жазган Исаков.
Мурдагы премьер-министр жолугушууда аны менен Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болуп, чет элдик ишкер “Мегаком" "Кыргызстан” авиакомпаниясы жана “Нарын” эркин экономикалык зонасынын аймагында индустриалдык-логистикалык борбор куруу жөнүндө сөз болгонун билдирген.
Сапар Исаков кийин аталган ишкана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кытайлык "Хуэвей" компаниясы менен бирге катышуу боюнча кол коюлуп, кийин милдеттенмелерди өз убагында аткарбаганы үчүн жокко чыгарылганын да кошумчалаган.
Сапар Исаков бул компаниянын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу маалымат укканын да билдирген. Мурдагы премьер-министрдин акыркы билдирүүсү боюнча президент Сооронбай Жээнбеков жана Раимбек Матраимов комментарий бере элек.
“Азаттыктын” кабарчылары даярдаган “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу журналисттик иликтөөдө “АКА Петролеум” аттуу ишкананын жетекчиси Хабибулла Абдыкадир жөнүндө сөз болгон эле. (BkA)