Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды (видео)
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалды.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалды.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" ИИМдеги ишенимдүү булактары билдирди. Салянова суракка бүгүн, 3-июнда кечинде чакырылган. Сурак канчага созулаары белгисиз. Буга чейин Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин "Азаттыкка" айткан болчу. Убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу... Читать дальше...
Жарандык активист Эдил Байсалов Матраимовдор түзгөн “Исмаил-Ата” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлөрүнө байланыштуу маселени көтөрдү: - “Алла-Таала берип жатат” дейсиңер. Көрсө, силерге Алла-Таала эмес эле, кайсы бир уйгурлар берип жаткан турбайбы, - деди ал 3-июнда “5-каналдын” түз эфиринде “Миллиондордун изи менен” деген талкууга катышып жатып. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов ага жооп кайтарып: - Чет мамлекетте бизге өзүбүзгө жараша мамиле кылып жүргөндөр бар. Жөнөткөн кишилер араб мамлекеттеринен. Читать дальше...
Кремль Санкт-Петербургдагы эл аралык форумга үй камагында отурган Майкл Калвинин катышуусун каалайт. Бул тууралуу 3-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Калви көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ишкер өзү күнөөсүн танууда.
Швед соту «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча камакка алуу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Бул өтүнүч боюнча ишти Уппсала шаарынын соту 3-июнда карады. Швед прокурорлору сотко учурда Британиядагы абакта отурган Ассанжды 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча камоого уруксат алуу жана аны Швецияга экстрадиция кылуу максатында кайрылышкан. Бирок соттун чечими Ассанжга карата козголгон кылмыш иши ушуну менен толук кыскарат дегенди билдирбейт. Ассанж өзү зордуктоо ишин четке кагып келе жатат. Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу элүүдөн эчак ашса да жаңы өнөрдү үйрөнүп, билим алып, өзүн өнүктүргөн энелер тууралуу кеп кылдык.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов согуш ардагери болгон атасынын ысымын алып жүргөн “Исмаил-Ата” фондунун демөөрчүлөрү ким экенин түз эфирден айтуудан баш тартты. Бүгүн "5-каналдын" түз эфиринде “Миллиондордун изи менен” деген талкуу өттү. “Азаттыктын” ага катышкан кабарчысы Али Токтакуновдун “Сиздердин фондду каржылап, миллиондорду которгон спонсорлорду атаңыз. Ал кишини жатка билесиз да. Элге айтыңыз” деген суроосу эки жолу кайталанып, жоопсуз калды. Искендер Матраимов Токтакунов... Читать дальше...
Франциянын эки жараны «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү деп соттолгон. Ирак бийлигинин атын атагысы келбеген өкүлү өлүм жазасына соттолгон Мурад Мухаммед Мустафа 41 жашта экенин, ал эми Билал Абдел-Фаттах 32 жашта болгонун билдирди. Ушуну менен Иракта өлүм жазасына тартылган француздардын саны 11 адамга жетти. Алардын баары согушкер топ менен байланышта деп табылган. Бирок азырынча сот өкүмдөрү аткарыла элек. Франция өз жарандарын өлүм жазасынан сактап калуу максатында дипломатиялык аракеттерин күчөтүп жатат. Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу элүүдөн эчак ашса да жаңы өнөрдү үйрөнүп, билим алып, өзүн өнүктүргөн энелер тууралуу кеп кылдык.
Британ ханышасы Елизавета II менен ханзаада Чарльз АКШ президенти Дональд Трампты жана анын жубайы Меланияны Букингем сарайында кабыл алды. Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Британияга 3-июнда келди. Ал сапарынын алкагында премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди. Трамп жекшемби күнү Лондонго жөнөөр алдында... Читать дальше...
НАТО Түндүк Македонияны уюмдун 30-мүчөсү кылып кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Скопьедеги сапарында билдирди. Ал эки күндүк сапарынын алкагында өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушту. Столтенбергдин бул сапарын НАТОнун башкы органы – Түндүк Атлантикалык Альянстын башкы кеңешиндеги 29 элчи коштоп жүрдү. Скопьенин НАТОго киришине кошунасы Грекия менен быйыл жыл башында өз ара талашты чечип, өлкө аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөрткөндөн кийин жол ачылган. Читать дальше...
Кыргызстандагы ири базарлардын өкүлдөрү «өлкөдөн миллиондогон акча чыгарылганы тууралуу маалыматтар тарап, ал өз кезегинде сыртка акча которууга зыянын тийгизип жатат» деп айтып чыгышты.
Баткен шаарында сел жүрдү. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, кечке жуук нөшөрлөп жаан жаап, анын айынан сел башталды. Шаар ичиндеги айрым ички жолдор жабык турат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Синоптиктер 1-5-июнда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болуп, кээ бир аймактарда жаан катуу жаай турганын эскертишкен. (JsA)
Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) иштеген иниси кызматтан кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал ушу тапта 5-каналдын түз эфиринде жүрүп жаткан талкууда айтты. Финансы полициясынын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ислам Матраимов экени айтылып жүргөн. Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул маалыматты тастыктап, Ислам Матраимов февраль айынан бери акы төлөнбөөчү өргүүдө жүрүп... Читать дальше...
Кыргызстанда сот жообуна тартылгандарга соттуулугу жоюлгандан кийин да беш жылдан 15 жылга чейин президенттикке жана депутаттыкка талапкерлигин коюуга тыюу салуу сунушталууда.
АКШ президенти Дональд Трамптын Лондонго жасаган сапарын утурлай анын Британиянын кийинки премьер-министри ким болоору жана Брекзит тууралуу айткан сөздөрү британ коомунда сынга кабылды. Шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбай башпаанек ала албай үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кетти.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берип жатат. Ал иликтөөдө айтылган суммалар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен чогуу жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин белгиледи. «Ой бүгүн» талкуусу ушул тапта түз эфирде көрсөтүлүүдө. Программага иликтөөнүн автору, «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов, журналист Айданбек Акмат уулу жана жарандык активист Эдил Байсалов да катышып жатат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева шайлоо чегин 9 пайыз бойдон калтырууну сунуш кылды. Бүгүн, 3-июнда шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунун топтому талкууланган парламенттик угууда депутат буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо беш жана жети пайыздык чектер колдонулганын билдирди. Ал 9 пайыздык шайлоо босогосу азырынча парламенттик шайлоодо колдонула элек экенин, бул ыкма Жогорку Кеңешке күчтүү партиялардын келишине өбөлгө түзөрүн кошумчалады: - Менимче,... Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттык» менен болгон маегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматка дайындалышы тууралуу суроолорго жооп берди. Матраимов 2015-2016-жылдары өкмөттү Темир Сариев башкарып турган кезде аталган мекеменин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. - Ал кезде Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкалый Жунусов эле. Мен катуу талап койчумун. Карап көрсөңүздөр болот. 2015-жылдын жыйынтыгында бюджетке 19,5 миллиард сом кошумча каражат алып келгенбиз. Читать дальше...
Ооганстандын борбору Кабулда мамлекеттик кызматкерлер бараткан автобуска коюлган бомба жарылып, беш киши өлдү, дагы ондой киши жарадар болду. Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахиминин айтымында, автобус административдик реформа жана мамлекеттик кызмат боюнча комиссиянын кызматкерлерин алып бара жаткан. Жардыруу үчүн азырынча эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Бул акыркы аптада, Орозо айттын алдында Кабулда жасалган бир канча чабуулдун уландысы болуп калды. 2-июнда Ооганстандын борбору Кабулда үч жерде жардыруу болуп... Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн алдын ала 12 шарт койгонуна бир жыл толгондон кийин, бүгүн Майк Пампео Америка Иран менен сүйлөшүүгө даяр экендигин жарыялады.
Али Можтаба Рузбехани: «Анын окууларын ишке ашыруу баарыбызга тынчтык жана өсүп-өнүгүү тартуулайт».
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жыл башынан бери түрмөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан 8500дөн ашык кишинин ишин кайра кароого жиберди. Ал иштердин 1433ү каралып, жаза өтөп жаткан 195 адам түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Мелис Турганбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кайра кароого жиберилген иштердин 466сынын жаза мөөнөттөрү кыскарып, 661 кишинин иши мурунку бойдон калды. 111 иш каралбай эле, артка кайтарылды. Турганбаев түрмөлөрдөгү коррупция жана тандап чыгаруу тууралуу суроого мындай жооп берди... Читать дальше...
Кремль үй камагында отурган америкалык ишкер, «Baring Vostok» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калвини Петербург экономикалык форумунда көргүсү келет. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Russia Today» телеканалындагы маегинде билдирди. - Ал 15 жылдан бери орус рыногунда жигердүү оюнчу болуп келген. Биз баарыбыз аны үмүт жараткан ишкер жана орус рыногун жактоочусу катары билебиз, - деди ал. Дмитрий Песков Калвинин иши президент Путиндин жеке көзөмөлүндө турганын да кошумчалады. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости