Атамбаевдин Кой-Таштагы «козголоңу»
Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага коюлган дооматтардын баарын «калп» деп мүнөздөдү. Ал бул тууралуу 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолукканда айтты.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага коюлган дооматтардын баарын «калп» деп мүнөздөдү. Ал бул тууралуу 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолукканда айтты.
Эл аралык коомчулук Иран боюнча түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеп табышы керек. Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн, 22-июнда ушудай пикирин билдирди. - Биринчиден, менде үмүт бар. Экинчиден, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чеги жок деп айта албайбыз. Саясий чечим болушу зарыл. Биз дал ошону ойлоп жатабыз, - деди ал. Меркелдин айтымында, бул маселе "Чоң жыйырманын" (G20) 29-июнда Жапонияда өтө турган саммитинде талкууланат. 20-июнда Иран АКШнын учкучсуз учагы өлкөнүн аба мейкиндигин... Читать дальше...
Москвада мигранттардын "Аян" деп аталган кыргыз театры түптөлдү. 18-июнда чакан чыгармачыл топ көрүүчүлөргө «Падыша оюну» пьесасын тартуулады. Театр уюштуруу демилгесин Орусияда 17 жылдан бери иштеп жүргөн Айнаш Козубаева көтөрүп чыккан.
"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында кыргыздар адамга эмнеге "жылдыздуу" деп баа бергенин чечмелейбиз.
Грузиянын борбор шаары Тбилисинин Руставели көчөсүндө жол кыймылы кайра калыбына келди, парламент алдына чогулгандар тарап кетишти. "Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, топтолгон полиция кызматкерлери да көрүнбөйт. Оппозиция нааразылык акциялары кечки саат 7де уланарын, ички иштер министринин отставкасы жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюларын айтып жатат. Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 240 киши жарадар болгонун... Читать дальше...
Жалал-Абадда куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан эки жашар наристени бир күндөн кийин аман-эсен таап алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокен районунун Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнда болгон. Куткаруучулар милиция жана жергиликтүү тургундар менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп, 21-июнда баланы жашаган жеринен беш чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Баланын ден соолугу, абалы жакшы экени айтылды. (RsK)
Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну 22-июнда жайлоодо нааразылык акциясын өткөрдү. Алар Кум-Бел жайлоосунан Кочкор районунун малчылары тез арада көчүп кетишин талап кылууда. Ал эми кочкорлуктар ал жерде мыйзамдуу отурганын, кийинки жылга чейин эч кайда жылбай турганын айтууда. Жергеталдыктар быйыл Кум-Белге Кочкордон он малчы 3000дей майда жандыгы жана 500дөн ашык бодо малы менен көчүп келерин айтып нааразы болуп жатышат. Азыр ал жерде кочкордук эки малчы мал жандыгы менен жайгашып отурат. Читать дальше...
Бишкекте Кыйноонун курмандыгы болгон адамдарга колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” уюму уюштурган иш-чара Футбол федерациясынын оюн талаасында уюштурулуп, ага жүздөн ашык оюнчу катышууда. 26-июнь – Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү.
23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) башчысы Бакир Таиров “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндө аты аталган эки адамдын аны менен туугандык байланышы бар экенин ырастады. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Таиров Чолпон Элмуратова анын 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон бир тууган инисинин жубайы, ал эми Токтосун Туманбаев эң кичүү карындашынын күйөөсү экенин айтты. “Бирок аларга тиешем жок. Мен бир туугандарым ким менен байланышарын сурабайм. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө иш-чара өтүп жатат. "Апрель" телеканалы Фейсбуктагы баракчасынан түз көрсөтүп жаткан бул иш-чараны жарандык жыйын деп атоодо. Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты. Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды. Жыйында сүйлөгөндөр Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин кароо боюнча парламенттин атайын комиссиясы ага коюлган алты айыптын бири катары мындан беш жыл мурун Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендериндеги коррупциялык чатакты киргизди.
Тажикстанда үч өспүрүм алты жашар кызга от койду деп шектелүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазганына караганда, окуя 19-июнда борбор шаар Душанбеден алыс эмес жерде болгон. Кыз денесинин 65% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү деп үч өспүрүм кармалды. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. 21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай... Читать дальше...
Тегеран эгер АКШ Иранга карата агрессивдүү чара көрсө кесепети оор болорун эскертти. Бүгүн 22-июнда бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Иранга каршы кандай гана кадам жасалбасын, "тарыхый жообун" аларын билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн билдирген. Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу... Читать дальше...
АКШнын аскерлери Румыния аймагындагы НАТОнун машыгуусу учурунда бул өлкөнүн чакан бир кыштагындагы бир нече гектар айдоо жерлерин брондолгон унаалары менен талкалап кетти.
Африка кубогу 21-22-июнда башталган, эми 19-июлда жыйынтыкталмакчы.
Грузияда миңдеген адамдар өлкө парламентинин спикери Ираклий Кобахидзе кызматынан кеткендигине карабастан кайрадан Тбилисинин көчөлөрүнө нааразычылык акциясына чыгышты.
Бийчи Атай Өмүрзаков жетектеген «Totem Show» тобу Кытайда World’s Got Talent таланттар шоусунун финалына чыкты. Бул тууралуу Өмүрзаков Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. Ошентип, кыргызстандыктар быйылкы сезондогу эң мыкты деген сегиз артисттин катарына киришти. Долбоорго дүйнө жүзүнөн 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Жарым финалда «Totem Show» Венгриядан, Монголиядан, АКШдан, Испаниядан жана Ирландиядан баргандар менен ат салышты. Өнөр таймашынын финалы 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтөт. Читать дальше...
Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган Көчмө мобилдик клиника бүгүн 22-июндан тартып Нарын облусунда иштей баштады. Доктурлар Ат-Башы, Жумгал райондорун, облустун бардык алыскы айылдарын кыдырышат. Буга чейин клиника Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болгон. Нарындан кийин Ошко барат. Алыскы айылдардын тургундарын офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог доктурлар текшерүүдө. ВИЧ/СПИДге да ошол жерден анализ тапшырып, жыйынтыгын алса болот. Читать дальше...
Кыргызстандык 11 токойчу Түркияда токойдогу өрт коопсуздугу боюнча окуудан өтүп жатышат. Теориядан тышкары бул иш-чаранын алкагында түрк адистери кыргызстандык кесиптештерине Анталия аймагындагы токойлорду кыдыртып, өрттөн коргоо багытында тажрыйба бөлүшүшөт. Түркиянын Анталия шаарынын Токой чарба башкармалыгы уюштурган иш-чарага 16 өлкөдөн 300гө жакын токой инженери катышууда. Түркиянын Токой жана суу министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, 2018-жылы бул өлкөдө 120 миң гектарга жакын токой өрттөнүп кеткен. Читать дальше...
Диний кырдаал соңку жылдары глобалдык мааниде актуалдуу маселеге айланганы менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин азыркы чакырылышында диний саясатты жандандыруу аракети байкалбайт.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калды. Мекеменин башчысы Бакир Таиров 18-июнда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып “ушул жумада жыйынтыгын чыгарабыз” деп билдирди. Ал тергөө учурунда Финполго эч бир тараптан кысым же басым болбогонун айтты: - Тергөө тобуна тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирген. Тергөөнүн өз мөөнөтү бар. Ошол боюнча иш алып баруудабыз. Мына, бүгүн 18-июнь, ушул жума биз жыйынтыгын чыгарабыз. Мен жогору... Читать дальше...
Кечээ, жума күнү Иран менен Түркиянын тышкы иштер министрлери биргелешкен стратегиялык өнөктөштүк документине кол коюшту.
Колубуздан келгени – көчөгө Манастын атын койдук, кытайлар опера койду
“Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек” деп билдирди бүгүн 22-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков. Президент бул тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтты. Ошону менен катар мамлекет башчысы “Ар бириңиздерге элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн унутпаңыздар” деп кайрылды. Кыргызстанда мамлекеттик кызматта... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости