Коррупцияга каршы митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салынды
Бишкек шаарынын бийлиги 3-июнга белгиленген коррупцияга каршы митингди борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салды.
Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 13-16-июнда Бишкекте өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Мындан улам Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга каршы митингди борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, акцияны Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуштаган.
Рита Карасартова соттун мындай чечиминен соң социалдык тармактар аркылуу митингге барам деген жарандар менен кеңеше турганын билдирди.
“Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинг өткөрүүнү Рита Карасартова 30-майда жарыялаган. Буга өлкөдөгү коррупциялык багытта бир нече жаңжалдын чыкканы түрткү болгону айтылган.(BkA)