Турганбаев: түрмөлөрдөгү коррупцияны азайтуу боюнча комиссия иштеп жатат
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жыл башынан бери түрмөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан 8500дөн ашык кишинин ишин кайра кароого жиберди. Ал иштердин 1433ү каралып, жаза өтөп жаткан 195 адам түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Мелис Турганбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кайра кароого жиберилген иштердин 466сынын жаза мөөнөттөрү кыскарып, 661 кишинин иши мурунку бойдон калды. 111 иш каралбай эле, артка кайтарылды. Турганбаев түрмөлөрдөгү коррупция жана тандап чыгаруу тууралуу суроого мындай жооп берди:
- Мисалы, «казан уурдап же анча чоң эмес кылмыштар менен отургандар чыкпай эле, колунда барлар чыгып жүрөт» деген сөздөр боюнча... Азыр жаза өтөө жайларында иштер жүрүп жатат. Эгер алар тартип бузбай, өзүн түз алып жүрсө түрмөдөн чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билишет. ЖАМКтын ичинде жети кишиден турган комиссия түзүлгөн. Арасында жарандык коом өкүлдөрү, коомдук кеңештин мүчөсү бар. Алар түрмөлөрдүн ичиндеги режимдерди да аныктайт. Мурда соттон келчү да, мисалы «күчөтүлгөн же жеңилдетилген режим» деп. Азыр алардын ишин, беренесин, жүрүм-турумун карап, күчөтүлгөн же жеңил режимдеги абактарга комиссия бөлүштүрөт.
Мелис Турганбаев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп быйыл 8-февралда дайындалган. Ал 2014-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген. (NT/EBM)