Баткенде сел жүрдү (видео)
Баткен шаарында сел жүрдү. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, кечке жуук нөшөрлөп жаан жаап, анын айынан сел башталды.
Шаар ичиндеги айрым ички жолдор жабык турат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Синоптиктер 1-5-июнда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болуп, кээ бир аймактарда жаан катуу жаай турганын эскертишкен. (JsA)