Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча сурак берүүдө
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" ИИМдеги ишенимдүү булактары билдирди. Салянова суракка бүгүн, 3-июнда кечинде чакырылган. Сурак канчага созулаары белгисиз.
Буга чейин Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин "Азаттыкка" айткан болчу.
Убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү боюнча тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары кызматынан кеткени менен айрымдары кызматынан көтөрүлгөн.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.
Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, азыр депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.