Иракта дагы эки француз жараны өлүм жазасына кесилди
Франциянын эки жараны «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү деп соттолгон.
Ирак бийлигинин атын атагысы келбеген өкүлү өлүм жазасына соттолгон Мурад Мухаммед Мустафа 41 жашта экенин, ал эми Билал Абдел-Фаттах 32 жашта болгонун билдирди.
Ушуну менен Иракта өлүм жазасына тартылган француздардын саны 11 адамга жетти. Алардын баары согушкер топ менен байланышта деп табылган. Бирок азырынча сот өкүмдөрү аткарыла элек.
Франция өз жарандарын өлүм жазасынан сактап калуу максатында дипломатиялык аракеттерин күчөтүп жатат.
Адам укугун коргоочу уюмдар Ирактагы терроризм айыбы менен жүрүп жаткан сот иштерин сындап келет. «Хьюман Райтс Вотч» уюму ирактык тергөөчүлөр адамдын денесине так калтырбаган ар кандай кыйноолорду колдонот деп айтып келишет.