АКШ элчиси кыргызстандыктарды жарамазан айтып куттуктады
Орозо айт майрамынын урматына АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз тилинде жарамазан айтып, куттуктоо таратышты.
Куттуктоо жазылган видео элчиликтин социалдык тармактагы баракчаларына 4-июнда жарыяланды.
Орозо айы 6-майда башталган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт майрамы 5-июнда болорун билдирген.
Бирок Сауд Арабиясы, Орусия, Түркия өңдүү бир катар мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешти. Жыйырмага жакын өлкөдө 5-июнда болот.
Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (SE)