Украина: баланын өлүмү боюнча эки полиция кызматкери кармалды
Украинанын Переяслава-Хмельницький шаарынын беш жаштагы тургуну Кириллдин өлүмүнө байланыштуу Киев облусунун полиция башчысы Дмитрий Ценов кызматтан кетти. Ал эми баланын өлүмүнө шектүү эки полиция кызматкери эки айга камалды.
31-майда Переяслава-Хмельницкий шаарындагы ооруканага октон жаракат алган беш жаштагы бала келип түшкөн. Ал Киевдеги ооруканага жөнөтүлүп, кечинде чарчап калган.
Бул кылмышка шектүү катары Переяслава-Хмельницкий шаарынын эки полиция кызматкери лейтенант Иван Приходько менен ага сержант Владимир Петровец камакка алынды. Тергөөдө маалым болгондой, алар эс алып жүрүп темир банканы аткылашкан, натыйжада ок балага тийген.
Полиция кызматкерлеринин огунан өлгөн баланын окуясы Украинада чоң чуу жаратты. Президент Владимир Зеленский ишти калыс тергөөгө убада берди.