Орок айылында чыр-чатакты милиция жөнгө салууда
Сокулук районундагы Орок айылында жарандар ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев маалымдады.
Анын айтымында, аталган айылда балдар мушташа кетип, арты чырга айланган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Милиция чыр-чатакта улут аралык жаңжал жок экенин белгилейт.
Kaktus Media Интернет сайтынын түз эфиринде Орок айылында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү баш болуп жүргөнүн көрүүгө болот. Автобустарга айрым жергиликтүү тургундарды салып кетип жатканы айтылууда. (TSh)