G-20: Дүйнөлүк экономика жыл соңунда көтөрүлөт
"Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттер ушул жыл аягында дүйнөлүк экономиканын деңгээли өсөөрүн боолголошуп, бирок АКШ менен Кытай ортосундагы «соода согушу» буга тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенине тынсызданышууда.
Жапониянын каржы министри Таро Асо 8-июнда журналисттерге «Кытай менен АКШ ортодогу соода талашын чечип алышса, дүйнөлүк экономика үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында көтөрүлөрүн» билдирди. Ал мындай билдирүүнү Жапониянын Фукуока шаарында өткөн «Чоң жыйырмага» мүчө мамлекеттердин соода жана каржы министрлеринин, банк жетекчилеринин эки күндүк саммитинен кийин жасады.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзинпин бул маселени ушул ай соңунда Осако шаарында өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинде талкуулашарын айтышкан.
Эки держава ортосундагы соода талаш дүйнөлүк экономиканын өсүүсүн 0,5% кыскартуу коркунучу бар экенин буга чейин Эл аралык валюта корунун башчысы Кристина Лагард да эскерткен.