Журналист Иван Голуновго козголгон кылмыш иши кыскарды
Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев 11-июнда билдирди. Ал мындай чечим журналисттин күнөөсү далилденбегенине байланыштуу кабыл алынганын жана ал үй камагынан бошотуларын айтты.
«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Голунов баңгизат сатууга байланыштуу шек саналып жаткан. Ал 6-июнда Москва шаарында камакка алынган жана полиция анын жанынан жана үйүнөн баңгизат табылганын билдирген. Журналист жана анын адвокаты баңгизатты атайлап салып кетишкенин, кармоо, тинтүү мыйзам бузуу менен коштолгонун, анын күнөөсү жок экенин айтып келген.
Бир катар эл аралык уюмдар, Орусиядагы кесиптештери, өнөр адамдары Голуновду коргоп чыгышкан эле.