Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда
Өкмөт «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Документти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакыр жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштеп чыккан. Анда мындай үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү, аны ишке ашырууга жыл сайын мекеменин бюджетинен 300 миллион сом кароо, 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам берүү тууралуу сунуш камтылган.
Ал эми жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болушу үчүн бир жолку кайтарымсыз сумма берүү жөнүндө демилге көтөрүлүп жатат.