Дүйшөмбүдө майыптарды реабилитациялоо борбору ачылды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган 15-июнда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө «Шифобахш» улуттук медицина мекемесине караштуу майыптарды реабилитациялоо борборунун ачылышына катышты.
Борбор Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган. Долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге 2018-жылы кол коюлган.
Эмине Эрдоган Дүйшөмбүгө Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинин алкагында күйөөсүн коштоп барган.
«Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматына караганда, бул жайда майыптарды реабилитациялоо багытында чет жактардан билим алып келген адистер ишке алынат. Анда аталган ооруканада операция болгон бейтаптарды дарылоо эле эмес, өлкөдөгү майыптарды реабилитациялоо иштери да жүргүзүлөт.
1995-жылдан бери ТИКА агенттиги Тажикстанда билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, инфратүзүм тармактарында 300дөн ашык долбоорду ишке ашырган.