Аргентинада жана Уругвайда электр энергиясы өчүрүлдү
Аргентинанын, Уругвайдын, Бразилиянын, Паргавайдын жана Чилинин жашоочулары электр жарыксыз калды. Бул тууралуу жергиликтүү энергетикалык компаниялар жана журналисттер кабарлашты. Ушул тапта болжол менен 48 миллион жарыксыз отурат.
Аргентиналык "Edesur" энергетикалык компаниясындагы жабдуулар жарактан чыкканы электр энергиянын өчүрүлүшүнө себеп болду.
Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте метро токтоп, светофорлор иштебей калды. Мунун алдында шаарда нөөшөрлөгөн жамгыр жааган.