АКШ менен Иран учакты атып түшүрүү боюнча эки ача маалымат таратты
Вашингтон Иран америкалык учакты атып түшүргөнүн ырастады. Бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда.
Иран менен АКШ буга байланыштуу эки ача маалымат таратты.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу учкучсуз учак бүгүн, 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. Учак тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. Мамлекеттик телеканалдар бул «RQ-4 Global Hawk» үлгүсүндөгү аппарат экенин жарыялаган.
АКШнын Борбордук командачылыгы кыйраган учак аскердик-деңиз флотунун учкучсуз аппараты экенин билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги кескин билдирүү таратып, АКШ өлкөнүн аба мейкиндигине бастырып кирди деп айыптады.
Ал тапта Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алар Сауд Арабиясынын жизан провинциясынын Аль-Шукайк шаарындагы электр станциясында ракетаны атканын кабарлашты.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Дональд Трамп Саудиядагы ракеталык чабуул тууралуу кабардар экенин, кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Ушул тушта Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы жаңжал курчуп турат. Буга чейин АКШ Иранды Оман булуңунда мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтөрүн билдирген.
13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул коюлган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.