Австрия: автоунаада тумчугуп өлгөн мигранттар боюнча сот өкүмү чыкты
Австрияда 2015-жылы жүк ташуучу автоунаанын ичинде тумчугуп өлгөн 71 мигранттын өлүмү үчүн ооган жараны менен анын үч болгариялык өнөктөшү өмүр бою эркинен ажыратылды.
Венгрия сотунун 20-июнда чыгарган өкүмүнө ылайык, 32 жаштагы Самсур Лаху жана анын өнөктөштөрүнө "адам аткезичилигин уюштуруу" жана "ондогон адамдардын өлүмү" боюнча айыптар тагылды. Алар тумчугуп жаткан адамдардын жалынып-жалбарганына карабай, жүк ташуучу машиненин эшигин ачпай коюшканы айтылды.
Каза тапкандардын баары Ооганстан, Иран, Ирак жана Сириядан Европаны көздөй жакшы жашоо издеп бараткан мигранттар болгон.
Качкындардын жасаттары 2015-жылы 27-августта Будапешт-Вена жолунун боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган.