24-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат
24-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 31…33° болот.