Стамбул мэрин шайлоодо кайрадан оппозиция өкүлү алдыга чыкты
Түркиянын Стамбул шаарында жекшембиде өткөн мэр шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу добуштардын 53 пайыздан ашыгын алды.
"Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген АК партиянын өкүлү, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым 45 пайыздын тегерегинде добуш топтоду.
Быйыл 31-марттагы мэр шайлоодо 2002-жылдан бери бул шаарды колдон чыгарбай келген АК партиянын талапкери утулуп, оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу жеңүүчү деп жарыяланган. Ал Йылдырымдан 15 миң добуш көп алып, 18-апрелде кызматына киришкен болчу.
Бирок АК партия добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды жүйө келтирип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган эле.