Жапаров: Атамбаевдин эмоциясы менен алты жыл жашадык
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламенттин чечимине байланыштуу пикирин билдирди.
“Алмазбек Атамбаев формалдуу эмес түрдө өлкөнү башкаруу механизмин туу чокусуна чыгарып койду. Мурунку президенттер деле ошентип келген. Бирок бул киши убагында коркутуп-үркүтүү, камоо, Кыргызстандан кууп чыгуу менен сот бийлигин да, мыйзам чыгаруу бийлигин да башкарган. Өкмөттү алты жолу садага чапкан. Чоң насыя алаардын алдында эле өкмөт садага чабылып, анан насыя алынчу. Өкмөттүн натыйжалуулугун ойлогонго да убактысы болгон эмес. Бул кишинин эмоциясы менен алты жыл жашадык. Бул ошондон коркуп жатат, "президент айтканды баары аткара берет, мыйзамдуулук болбойт, тарапташтары менен өзүмдү коргоп калам" деп, мыйзамга ишенбестиги көрүнүп турат”.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолуккан учурда "президент болуп турганда Кыргызстанды жакшы жолго салганын, азыр демократияга балта чабылганын” айткан. Ошондой эле азыркы бийлик тушунда мыйзамдуу чечимдер кабыл алынбай турганын, парламент коркуп жатканын айткан. (КЕ)