«Электр станциялары» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды
"Электр станциялары" ишканасына Таалайбек Толубаев башкы директор болуп дайындалды. Бул директорлор кеңешинин чечими экенин ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка ылайык, Толубаев энергетика тармагында 1983-жылдан бери иштеп келатат.
Мурдагы башкы директору Аскар Эшимбеков быйыл мартта кайтыш болгон.
"Электр станциялары" - Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүп, жылуулук менен камсыздаган негизги ишкана. Курамына жети ГЭС, эки жылуулук электр борбору кирет.