Саляновдун өлүмүн териштирген сот отуруму башка күнгө жылды
Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн териштирген сот белгисиз мөөнөткө жылды.
Буга айыпталуучу тараптын адвокаттары келбей калганы себеп болгонун Саляновдун жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришти. Отурум 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүшү керек эле.
Ички иштер министрлиги Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатканын 26-июнда маалымдаган.
42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Сот жараяны былтыр сентябрда башталган.
Кылмышка шек саналып Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев аттуу кишилер кармалышкан.
Аида Салянова инисинин өлүмүн «саясий буюртма» деп мүнөздөйт. Ал өзү да кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу азыр камакта отурат.