Матраимов парламент комитетиндеги кызматын улантууда
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымынын орун басары кызматын улантууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди:
- Искендер Матраимов комитеттин жетекчисинин орун басары. Ал эми экинчи орун басарлыкка кечээ Урматбек Самаев шайланган. Мурда бул орун бош болчу. Депутаттардын көпчүлүгү анын талапкерлигин колдошкон.
Комитеттин төрайымы – «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко.
Быйыл 4-июнда Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө түшүндүрмө берип, аны далилсиз айыптоо деп баалаган. Маселени парламенттик комитетте кароону сунуштап, эгер "кызыкчылыктар кагылышы" болсо андагы орун басарлык кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.
Бүгүн интернетте Матраимов бул кызматтан кеткени тууралуу маалымат тараган. (RK)