"Газпром" мектепти бергиси келбей турат
"Газпром-Кыргызстан" компаниясы Бишкек шаарына куруп берген мектебин өзүнө 20 жылга берүүнү сурады. Азырынча Бишкек шаардык мэриясы компаниянын суранычына расмий жооп бере элек. Бирок "Газпромдун" бул сунушун Жогорку Кеңештин депутаты сынга алды.