Абдил Сегизбаев менен Улан Исраилов Кой-Ташка барды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жана мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айлындагы үйүндө «элдик штаб» деп түзүлгөн жерге барышты.
Бул маалыматты Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева ырастады.
«Ооба, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Улан Исраилов экөө келди. Абдил Сегизбаев менен сүйлөштүк. Ал экөөбүздүн маегибизде «Жогорку Кеңеш мыйзамыз чечим кабыл алгандан кийин Атамбаевди колдоп, позициябызды билдириш үчүн келдик» деп айтты. Эл менен сүйлөшүп, «кечинде да келебиз» деп кетишти», - деди Жолдубаева.
Абдил Сегизбаев УКМКны, Улан Исраилов ИИМди Атамбаев президент болуп турганда жетектеген. Азырынча алардын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.
Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин 27-июндагы жалпы жыйынында алган. Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга 103 «макул», алтоо «каршы» добуш берген. (BTo)