Финансылык чалгын кызматы: 700 млн. доллар күмөндүү деп маалымат бергенбиз
Финансылык чалгын кызматы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастады. Бул кызматтын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев бул акча которуу «шектүү» деп эки ирет Ички иштер министрлиги менен Финполицияга маалымат берилгенин тактады:
- Ал боюнча 2014-2016-жылдары маалымат бериптирбиз. Аябай чоң акча болуп жаткандыктан шек жаралып, «иликтегиле» деп укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Көбүнчө салык төлөнгөн эмес, көптөгөн акча которулуп атат, ал эми алардын жүгүртүүсү кичинекей болуп атат. Биз күмөн санаганбыз.
Май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жаратканы белгилүү. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 млн. доллар каражат чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу маалымат айтылган. (TSh)