Жээнбеков Кожомкулдун мааракесине барып сөз сүйлөдү
30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө өтүп жаткан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине катышты.
Куттуктоо сөзүндө Жээнбеков Кожомкулдун балбандык даңкын баса белгилеп, улуу инсандын баскан жолунан сабак алышы керек экенин, өлкөдөгү ынтымактын маани-мазмунун белгилеген.
Чүй облусунун Суусамыр айыл өкмөтүндө Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара Суусамырдагы Каракол жайлоосунда улуттук ат оюндары өткөрүлдү. Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. (TSh)