Атамбаев Бишкекте өтө турган митингге катышат
Бишкектеги "Медиафорум" имаратынын алдында 3-июлда "эски элитага каршы" тынчтык митинг өтөрүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда өзүнүн Кой-Таштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда билдирди. Ал митингге өзү да катыша турганын айтты.
Атамбаевдин тарапкерлери Интернетте келе жаткан шаршемби күнү "Соке болбой калды" деп аталган акция өтөрү тууралуу маалымат таратып жатышат. Анда митингде "эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!" деген чакырык ташталаары жазылган.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин "экс-президент" макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.
Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды. (NT)