АКШ: Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасы жарыяланды
АКШнын Юстиция министрлиги беш барактан турган стенограмманын сүрөт нускасын Ак үйдүн сайтына жарыялады. АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский 25-июлда телефондон сүйлөшкөн.
Андагы жазууларга ылайык, Трамп сүйлөшүүдө Зеленскийди мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөгө чакырган.
Трамп Жо Байден уулу иштеген "Бурисма" компаниясына байланыштуу иликтөөнү токтотуп салганын эскерткен. АКШ президенти Украин мамлекет башчысынан башкы прокурор менен чогуу бул ишти иликтеп чыгуусун өтүнгөн. Зеленский Киев ишти иликтөөгө аларын айткан.
Коопсуздук кызматкери бул сүйлөшүү тууралуу маалымат бергенден кийин АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү.
АКШнын мурдагы вице-президентинин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. «Бурисмага» карата кылмыш иши козголгону менен эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Жо Байден ал кезде АКШнын Украинадагы иштерин да көзөмөлдөп турган. Ал украин башкы прокурорун кызматтан кетирүүдө таасири болгон деген маалыматты четке каккан.
Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн деп айтылган үмүткөрлөрдүн бири. Трампка карата расмий иликтөө баштала турган болсо, бул АКШнын тарыхындагы импичментке кабылган үчүнчү президент болуп калмакчы.