Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Сапаттын" бүтүрүүчүлөрүн ызаланткан билдирүү

0

31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) деген аталыштагы семинар өттү.

Эки тараптуу келишим менен иш алып барган билим берүү мекемесинде мындай иш-чаранын өтүшү айрым кыргызстандыктарды нааразы кылды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн семинарды Түркиянын Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин колдоосу менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Ага Түркиянын өкүлдөрү да катышканы аталган мекеме тараткан билдирүүдө айтылат.

Элчи Ахмет Садык Доган семинарда бул иш-чараны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүүгө каршы чыккандар тууралуу сөз козгогон.

“Кээ бир сабатсыз саткындар бул семинардын өтүп жатканына нааразы болуп, ата-бабаларынын ардактуу атын алып жүргөн университеттин лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты. Мына ушул - "ФЕТО". Адамды алгач энесине, атасына, анан жубайына, досуна, ата-бабасына, акырында элине, мамлекетине душман болууга жеткирет, өткөнүн унутууга мажбурлайт. Бул наадандар маңкуртка айланып, 30 жылдан бери улуу түрк элинин Кыргызстанды колдоп келгенин унутуп коюшту”.

Элчи Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен. Анын айтымында, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылат, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөт жана "ФЕТОну" колдогон айрым адамдарга (түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) Түркияга кирүүгө тыюу салынат.

Элчи Ахмет Садык Доган Түркия "Фетхуллах Гүлендин кыймылы" деп эсептеген Кыргызстандагы мекеме, уюмдарды тизмектеген.

Алар: “Сапат”, ERA EDUCATION, “Жаш ишкерлер ассоциациясы”, “Элим барсыңбы?”, "Адеп Башаты", “Ыйык Ата-Журт” фонддору жана “Дил Азык” басылма үйү, Maral FM радиосу. Элчи “Ала-Тоо” жогорку окуу жайын дагы аталган уюмга таандык деп эсептейт.

Жогорудагы уюмдар элчинин пикирине жооп кайтара элек. Билим берүү жана илим министрлиги университетте өткөн семинар тууралуу маалымат берген жок.

Ал арада активист Гүлжигит Исаков университетте өткөн семинарга байланыштуу чара көрүүнү талап кылып, Тышкы иштер министрлигине кайрылганы белгилүү болду.

Исаков Кыргызстанда мындай террордук уюм жок экенин, университет билим берүү ишинен четтеп, түрк бийлигинин саясатын таңуулап жатканын айтууда.

“Түркия менен Кыргызстандын өкмөт аралык келишиминин негизинде “Манас” университети ачылган. Булар билим берүү мекемеси болуудан чыгып, дүйнө жүзү террордук деп тааныбаган уюмга жалаа жаап жатат. Университет бизге билим берүү ордуна жалаа жабууда. Бул дипломатияга каршы, ички ишибизге кийлигишкен көрүнүш. Кыргызстанда “Сапаттын” он миңдеген окуучусу бар. Анын ичинде мен дагы бармын. Мен өзүмдү эч кандай кыймылга таандык деп эсептебейм”.

Исаков Тышкы иштер министрлиги университетте өткөн иш-чарага реакция кылбаса ,башка органдарга кайрыла турганын белгиледи.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети 1995-жылы ачылган. Окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Учурда 5 миңден ашуун студент акысыз билим алат жана алардын дээрлик басымдуу бөлүгү кыргызстандык улан-кыздар.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев түрк бийлигинин позициясын эске алганда, университетте өткөн семинар боло келчү көрүнүш деген пикирде:

“Университетти Түркиянын өкмөтү каржылап жатат. Ошол себептүү ал жактын саясатын жүргүзөт. Кыргызстан расмий түрк бийлиги менен иштешет. Бирок биздин эл өзү чечет. Каршылар өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат, расмий өкмөт өз саясатын жүргүзүп жатат. Биздин бийлик эмне айта алат? Түрк элчилиги чакырды, өткөрдү”.

Саясат талдоочу, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев талаштуу маселеге билим берүү жайынынын аянтча болушу туура эмес деп эсептейт.

“Кыймылдын Түркияда "террордук" деп аталышынын өз себептери бар. Түздөн-түз Кыргызстанга кандай байланышы бар экенин али күнчө көрө элекпиз. Түркиядагы ички саясаттын талаш-тартышынын эпкини бизге тийип, саясий, дипломатиялык мамилеге таасир этип жатканы туура эмес. Ал эми “Манас” университетинде семинар эмнеге өткөнү бардыгыбызга түшүнүктүү. Университет түрк өкмөтү тарабынан каржыланат. Анда биздин балдар окуп жатат. Бирок университеттин саясий талашка аянтча болуп бергени туура эмес. Зарылчылык болсо университеттен башка нейтралдуу аянтча колдонулса туура болмок”.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакында Кыргызстанга келери айтылууда. Элчилик "Сапат" мектебине жана Фетхуллах Гүленге байланышкан теманы акыркы кезде улам - улам көтөрүүдө.

Маселен, өткөн айда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскерткен. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырган.

Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек. “Сапат” борбору түрк тараптын мындай айыптоолорун четке каккан.

Саясий эксперт Марс Сариев "Гүлен кыймылы" тууралуу маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга сапарынын астында күн тартибине чыкканын белгиледи.

“Кыргыз бийлиги де-факто Орхан Инандыны Түркияга берди. “Себаттын” аталышын дагы өзгөртүп, Эрдогандын системасына киргизди, мугалимдерди алмаштырды. Ал тармакта Инандынын кадрлары калган деле жок. “Сапат”, “Ала-Тоо” университеттери жакшы билим берип жатпайбы. Менимче, окуу жайларын жаппаш керек, коркунуч бар деген туура эмес. Анкаранын Орхан Инандыны бергенден кийин Бишкекке кине койгонго акысы жок”.

1-июнда Кыргызстанда "Сапат" эл аралык билим берүү тутумун Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалганына бир жыл толду.

Ал өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Түркияга алып келгенин айткан. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатат. Айыптоочулар аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган.

Кыргыз бийлиги Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлундагы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган.

"Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоолорун четке каккан. Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

В БРХК прошел Урок памяти Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

"Погода идёт на поправку": Синоптик прогнозирует долгожданное потепление в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России