Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

ТИМ Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги семинарга байланыштуу иликтөө жүргүзөт

0
ТИМ Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги семинарга байланыштуу иликтөө жүргүзөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Авазбек Атаханов Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталыштагы семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин айтты. Бул тууралуу мекеменин сайты кабарлады.

Анда ТИМдин өкүлү окуу жай эки мамлекеттин достугун чыңдоого салым кошушу керек экенин белгилеп, саясий курал болбошу керектиги айтылган.

“Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашууга салым кошпошу керек. Бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий куралына айланбашы керек",-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталышта өткөн семинарда сүйлөп жатып, Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан.

Анын сөзүнө ылайык, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылат, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөт. "ФЕТОну" колдогон айрым адамдарга (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) Түркияга кирүүгө тыюу салынары айтылат.

Буга байланыштуу жарандык активист Гүлжигит Исаков 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде өткөн семинар боюнча Тышкы иштер министрлигине университетке чара көрүү боюнча кайрылган. Исаков “Кыргызстанда мындай тыюу салынган террордук уюм жок экенин”, университет “билим берүү ишинен четтеп, Түркия бийлигинин саясатын Кыргызстанга таңуулап жатканын” айтууда.

Университеттин Фейсбуктагы расмий баракчасындагы маалыматка караганда, 31-майда өткөн “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” семинарын Түркиянын Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин колдоосу менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Ага Түркиянын ИИМнин өкүлдөрү катышкан

Өткөн айда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскерткен. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырган. Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан.

АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар деген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карабай Түркия Гүленди "террордук уюмдун лидери" деп атап, аны мекенине экстрадициялоо талабын коюп келет. (TSh)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Моргенштерн

У Моргенштерна* что-то случилось? Рэпер пообещал рассказать все на стриме




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Автопробеги в честь Дня Победы прошли в районах Томской области



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России