Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Араб инвесторлору кен менен ГЭСке кызыгат

0
Араб инвесторлору кен менен ГЭСке  кызыгат

Бишкекте "Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары" бизнес-форуму өттү. Форумга Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри жана Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Абдулла М. Аль-Мазруи баштаган араб компаниялары келди. Иш-чаранын алкагында кыргыз-эмират экономикалык кызматташтыгы жаатында бир нече меморандум жана келишимдерге кол коюлду.

Араб Эмираттарынын делегациясынын курамына бизнес ассоциациялардын жетекчилери жана эл аралык деңгээлдеги Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading өңдүү жыйырма ири жана орто компаниялар кирген.

Иш-чарада эки өлкөнүн авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өндүрүш тармагындагы кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Улуу Көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүк конокторго өзү жетектеген ишкананын ишмердигинин багыттарын айтып берди. Ал эми "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Буга чейин кыргыз-эмират кызматташтыгы боюнча эки иш-чара болуп өткөн. 2021-жылы Эмираттардын энергетика министрлиги баштаган делегация келип, Ысык-Көлдө жолугушууларды өткөрүп кеткен.

Андан кийин "Экспо-2020" алкагында Дубайда кыргыз-эмират бизнес-форуму өткөрүлгөн. Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов бул жолку форумда иштиктүү келишимдер түзүлгөнүн айтат.

"Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министринин иш-сапарынын алкагында араб делегациясы келди. Кырк беш делегат келип, анын ичинен жыйырмасы бизнес өкүлдөрү. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында биз жаңы экспорттук келишимдерди, инвестиция тартуу боюнча долбоорлорубузду араб өлкөсүнүн өкүлдөрүнө сунуштайбыз деп даярдадык. Соода алакабыз 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 70 миң доллардын тегерегин түзсө, ушул эле иш-чаранын алкагында биз малдын этин экспорттоо боюнча эле 10 млн. долларга келишим түзүп жатабыз".

Баясов билдиргендей, бул келишимдин алкагында кыргызстандык "Каспар" фирмасы Бириккен Араб Эмираттарына жумасына 15 тоннадан эт жеткирип жатат. Мындан тышкары, кыргыз балын экспорттоо боюнча 1 млн. долларлык келишим түзүлүп, ага "Аман Грин Фуд" компаниясы кол койду. Ал эми бөтөлкөгө куюлган суу менен жер-жемиштерди жеткирүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев бул форум кыргыз-араб инвестициялык алакасын жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенет.

"Эмиратта Соода өнөр-жай палатасы өтө чоң роль ойнойт. Бардык компаниялар чет өлкөгө инвестиция салууда ошол палатанын багыттамасы менен иш алып барат. Ошол эле учурда Экономика министри өзү тышкы инвестициялар кеңешинин башчысы болуп эсептелет. Ал киши башка өлкөлөргө жасала турган инвестицияларды өзү координациялайт. Чынын айтыш керек, ал кишинин башка мамлекеттерге сапары өтө чектелген, көп өлкөлөр ал кишини алып келгенге ынтызар болуп турат. Ушул арада бизге келгени өтө жакшы белги деп айтсак болот".

JINDAL SAW GULF компаниясынын башкы кеңсеси Абу-Даби шаарында жайгашкан. Ал Бириккен Араб Эмираттарында чоюн түтүктөрдү чыгарган ири компания эсептелет. Компаниянын башкы менеджери Фаиз Васе Кыргызстанда темир казуу жана электр станцияларын куруу долбоорлоруна кызыкдар болуп жатышканын билдирди.

"Биз мурда билбеген көп нерселерди жана ири потенциалды көрүп жатабыз. Биз үчүн өзгөчө өндүрүш тармагы кызык. Менимче, Кыргызстанда кен казуу үчүн көптөгөн ресурстар бар. Биз бул жерде темир казууга жана ГЭСтердин курулушуна кызыкдар болуп турабыз. Анткени биз чоюн түтүктөрдү чыгарабыз. Ошондуктан, биз суу түтүгү менен камсыз кылуу аркылуу гидроэнергетикалык долбоорлорду колдогубуз келет".

Президент Садыр Жапаров 18-майда Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барган. Сапардын алкагында кыргыз президенти экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Араб Эмираттарынын энергетика жана инфратүзүм министри менен эки тараптуу алаканын келечегин талкуулап, инвестиция тартууда Эмираттардын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирген. Ошондой эле Араб Эмираттарынын жаңы президенти Мухаммад бин Заедди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.

Ага чейин, март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев дагы Абу-Дабиге барып, эки тараптуу экономикалык алакаларды кеңейтүү ниетин билдирген. Сүйлөшүүнүн өзөгүн энергетика, айыл-чарба, туризм, мейманкана бизнеси жана тоо-кен тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жагдайлары түзгөн.

Ишкер Жодар Сайдилкан араб инвесторлорунун ишенимин арттырыш үчүн алдыда Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көп иштер жасалышы зарыл деген пикирде.

"Бириккен Араб Эмираттары кийинки кездери Борбор Азияга абдан чоң көңүл бурууда. Казакстандагы инвестициясынын көлөмү акыркы беш жылда 5-6 млрд долларга жеткен. Өзбекстанда дагы дал ушундай. Муну менен катары Өзбекстанда өнүктүрүү фонду түзүлгөн, анын каражаты 1 млрд. доллардан ашык. Биз ишкерлер менен сүйлөшкөндө, алардын эң негизги суроолору биздин мыйзамдарга байланыштуу болууда. "Инвесторду коргоо боюнча кандай мыйзамдар иштейт, кирешени тышка алып чыгуу жеңилби" деген сыяктуу көптөгөн жөнгө салуучу суроолор. Булар өтө маанилүү. Биз мүмкүн болушунча инвестордун бул жакка ишенимин арттырыш үчүн мыйзам жагынан көп нерселерди жасашыбыз керек".

Форумдун алкагында компаниялар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-араб расмий мекемелери менен компанияларынын ортосунда эки меморандум жана эки келишимге кол коюлду. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр-жай палаталары кыргыз-эмират ишкер кеңешин түзүү жана бизнес үчүн инвестицияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү меморандумдары түзүлдү. Муну менен катар Араб Эмираттарына эт экспорттоо боюнча 10 млн. долларлык жана кыргыз балын жеткирүү боюнча 1 млн. долларлык келишимдерге кол коюлду.

Буга чейин "Шоро" компаниясы да Бириккен Араб Эмираттарында бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суунун сапатын далилдеген сертификат алган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

BTS

BLACKPINK и BTS включены в число артистов, участвующих в кампании бойкота?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

Независимый фантастический триллер из девяностых

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России