Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

0
Министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. Мунун алдында Бейшеналиевге окшош адамды атайын даярдыктагы чүмбөттөлгөн ыкчам кызматкерлер министрликтин имаратынан кармап, автоунаага салып жатканы тартылган видео интернетке тараган эле.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстандан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган. Ошондой эле Кытай менен Орусиянын башчылары менен кошумча 6 млн. дозадан ашык вакцинаны акысыз берүү сүйлөшүлгөн.

"Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар экенине карабастан, кызмат адамдары өз кызыкчылыгы үчүн 2 млн. 460 миң доза вакцинаны ашыкча сатып алгандыктан, алардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан. Мындан улам мамлекетке 1 млрд. 581 млн. сом зыян келтирилген деди прокуратура.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн беш коррупциялык кылмыш иштери тергелип жатканын маалымдады.

Министрдин камрмалышы коомчулук үчүн бир жагынан күтүүсүз болду. Бейшеналиев 1-июнда Ысык-Көлдө жайгашкан "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин ачылышына катышкан. 2-июнда президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Ысык-Көлдө талантуу балдар үчүн салынып жаткан мектеп менен таанышканы тууралуу маалымат тараткан эле. 

Эки апта мурун министр чет өлкөгө иш сапары менен чыгып кетип, Германияда он күндөн ашык жүргөн. Ал кеткенде анын орун басарлары жана бөлүм башчылары маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн. Анда "министрдин этикасы, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы" өңдүү себептер айтылган. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткенин, сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканын" жүйө келтиришкен.

Бейшеналиев кайтып келгенден кийин, 27-майда аталган министрликтин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. Ал Германияда жүргөндө кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган. Андан мурда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалган.

Бейшеналиев Германияга иш-сапар менен кеткенден кийин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу мамлекет жетекчилерине кайрылган.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Өткөн жылы 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо “уу коргошун” деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган. Анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.

“Мен министр болуп келатканда төрт максат койгом. 38 жылдан бери дарыгер болуп иштеп, кичинекей медициналык кызматкерден баштап академикке чейин жеттим. Андыктан ооруканада эмне болуп жатканын бүт билем. 90-жылдары “Манас”, “Манас таалими”, “Ден соолук” деген программалар болуп, мурдатан түптөлгөн саламаттык сактоо системасы талкаланган. 2020-жылы жаңы жылдын астында президентке кирип, реформа тууралуу айтып бердим”,-деген Бейшеналиев “Азаттыкка” курган маегинде.

Буга чейин министрдин жүрүм-туруму жана сүйлөгөн создөрү боюнча көп талкуу болгон. Ага бир нече эскертүү, кийин сөгүш берилген.

17-майда министр Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон дарыгер, жарандык активисттер Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чогулган эле. Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин принял решение увеличить фонд грантов одаренным учащимся школ искусств





Москва

Baza: со счетов московского монастыря на Ордынке пропали более 26 млн рублей


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Булату Окуджаве — 100 лет. Как поэт жил в Нижнем Тагиле и как на Урале нашли пленку с его редким интервью




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Танцоры из Асбеста выступят в Москве

Баскетбольный «Зенит» с разницей в 14 очков проиграл в Москве ЦСКА и уступает в полуфинальной серии Единой Лиги ВТБ со счётом 1–2


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Суд в Петербурге 23 раза штрафовал владельца упавшего в Мойку автобуса за проблемы с лицензией



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России