Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Cадыр Жапаров: Министр Бейшеналиев боюнча комиссия түздүм

0
Cадыр Жапаров: Министр Бейшеналиев боюнча комиссия түздүм

Кыргызстанда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шек саналып кармалды. Ал президент Садыр Жапаровдун көздөй кадры катары белгилүү. Буга кошумча Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу өкмөт менен парламенттин мамилесин жана оппозицияга болгон куугунтук маселесин коомдук талкууга чыгарды.

Дал ушундай кырдаалда "Азаттык" радиосу президенттин маалымат кызматына кайрылып, соңку окуялар боюнча Садыр Жапаровдон комментарий алуу өтүнүчүн жөнөткөн. Биздин суроолорго президент Жапаров төмөнкүдөй жооп кайтарды.

"Азаттык": Президент мырза, 2-июнда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды. Ал сизге жакын министр катары белгилүү болчу. Эки күн мурда эле сиз Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” балдардын реабилитациялык борборунун ачылышында Бейшеналиевге ушул ишти колго алып бүтүргөндүгүнө ыраазычылык билдирдиңиз эле. 2-июнда да министр сизди коштоп жүргөнүн маалымат кызматыңыз жарыялаган. Эми Бейшеналиев оор кылмышка шектелип кармалып отурат. Бул жагдай коомчулукта президенттин айланасында ажырым кетип, кадр саясатындагы осол иштер бар деген божомолдорду жаратты. Министрдин мыйзамсыз иштери тууралуу кабарыңыз болгонбу?

Жапаров: Эсиңиздерде болсо 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. “Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле” деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз.

"Азаттык": Ошол эле учурда парламенттеги соңку жагдай да коомчулукта кызуу талкууланууда. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин мамилеси жана мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндөгү көптөгөн суроолорду жаратты. Айрым депутаттар парламент менен өкмөт жетекчилигинин ортосунда тиреш байкалганын айтса, күч органдарынын жетекчилери эл өкүлдөрүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү үчүн айыптап жатат. Аткаруу бийлигинин башчысы катары пикириңиз кандай, бул жерде мамлекеттик кызматкердин этикасы бузулган жокпу?

Жапаров: Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Чет өлкөлөрдөн алып жаткан импортубуз чектелүү.

Мисалы, буудай, ун, кумшекер, суу майга квота киргизилген. Тагыраак айтканда биздин өлкөгө жетээрлик гана көлөмдө ала алабыз. Андан ашык алсак үстүнө бажы жана башка өнүмдөр кошулат. Анда тамак-аш асмандын башына чыгып кетет. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн.

Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм. Аткезчилик кылып жаткандын дагы бир далили.

Мадумаров айтып жатпайбы “500 доллар берейин өткөрүп кой десем миң доллар бер деп атат” деп. Өзү үчүн үйүнө товар алып бара жаткан адам жөндөн-жөн эле 500 доллар сунуштабайт да. 500 доллар бергиче өлүп берем демек. Бул иштер боюнча жергиликтүү бийлик дагы УКМК менен биргелешип иштеп жатат. Жергиликтүү тургундарга жетиштүү товарларды өткөрүп берип жатышат. Аткезчиликке жол берилбейт.

 

"Азаттык": Сиздин дарегиңизге камакта отурган мурдагы тарапташыңыз Мелис Аспеков бир катар айыптоолорду айтып чыкты. Ал сот отурумунда сизден убагында миллион доллар алганын, акчаны өз кезегинде сизге Сооронбай Жээнбеков бергенин жарыялады. Бул жагдай шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча шек саноолорду жаратчудай. Чынында эле Сооронбай Жээнбеков сизге ири суммада акча берди беле?

Жапаров: Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат.





Губернаторы России
Москва

Собянин: в Подольске отразили атаку летевшего на Москву дрона ВСУ





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

“У меня тоже была депрессия после того, что ты сделал своими руками!” Дава разоткровенничался перед Ольгой Бузовой в шоу “Сокровища императора” на ТНТ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Странная незнакомка убирает свечи». Кто следит за могилой Влада Листьева



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России