5-июндун аба ырайы
5-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Айрым райондордо өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Нарын облусунун дыйканчылык райондорунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13 °.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус.