Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Токаев Назарбаевдин Конституциясын өзгөрттү

0
Токаев Назарбаевдин Конституциясын өзгөрттү

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндагы референдумга катышкан шайлоочулардын 77% ашыгы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун жарыялады.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68 пайыздан бир аз ашыгы катышты. Алардын 77% көбү конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон. Быйыл январь айында кандуу тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында шайлоочулардын 33,30 пайызы гана добуш берди.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялагандай, президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 68 пайыздан бир аз ашыгы катышты.

Мыйзамга ылайык, Казакстандын 17 аймагынын кеминде 12синде шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп саналат.

"Натыйжада референдумду өттү деп эсептесе болот. Референдумга коюлган маселени колдогон жарандардын саны өлкөбүздүн бардык өрөөндөрүндө добуш берген шайлоочулардын 77,18 пайызын түздү", - деп билдирди Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров.

Алматыда "бойкоттолгон" референдум

Расмий маалыматка ылайык, жалпы шайлоочулардын 18,66 пайызы конституциялык өзгөртүүлөргө каршы болгон. Казакстандын көпчүлүк аймактарында добуш берген шайлоочулар 70 пайыздан ашса, быйыл январь айында тополоңдун чордонуна айланган Алматы шаарында жалпы шайлочулардын 33,30 пайызы гана референдумга катышты.

Бул күнү Алматыда референдумга каршылык билдирген, саясий туткундарды бошотууну жана кандуу Январь окуяларын иликтөөнү талап кылган активисттердин акциялары да өттү.

"Кандуу январь. 2022-жыл. Унутпайбыз", "Реконституция" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыккан "Ойгон, Казакстан!" уюмунун активисти Дархан Шариповду Алматынын полициясы кармап кетти.

Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бир адам эки жолу добуш берген, документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган, бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурлар болгонун билдиришти.

Ошондой эле Караганды сыяктуу айрым аймактарда Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын түшүнбөй, шайлоо комиссиясынан маалымат сурагандар болду. Буга чейин өкмөткө сынчыл көз караштагы коомдук ишмерлер Токаевди референдумду кийинкиге жылдырууга чакырып, буга калктын жаңы өзгөрүүлөр менен таанышып чыга албай калганын жүйө келтиришкен.

Жалпысынан Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушталган. Алардын айрымдарына ылайык:

Өлкөдө президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат;

Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт;

Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет;

Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет; өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат;

Сенатта президент дайындаган эл өкүлдөрүнүн саны 15тен 10го түшүрүлөт.

Казак президент Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирди.

"Бүгүн биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый күн. Эл тагдыр чечүүчү чечим кабыл алып жатат. Эч кандай мажбурлоо жок", - деп билдирген 5-июнда Токаев.

Кантсе да президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, башкы прокурорду, коопсуздук кызматынын башчысын, Улуттук банктын жетекчисин, Борбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрүн жана башка бир топ жетекчилерди дайындоо укугун сактап калат.

Назарбаев саясий аренадан четтейби?

Мындан тышкары Баш мыйзамдан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынат. Буга чейин иштеп келген Конституциянын беренелеринде Назарбаев "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү", "Елбасы" деп мүнөздөлүп, анын "макамы өзгөрүүсүз" калары жазылган эле.

Жергиликтүү талдоочулар 69 жаштагы Токаев соңку референдум менен 81 жаштагы Назарбаевдин саясий аранедан биротоло кетишин мыйзамдаштырып жатканын айтышууда.

"Бийлик референдумду өз оюндагыдай өткөрүп алгандан кийин андан ары Назарбаев жана анын айланасындагы адамдардан бийликти болушунча өз колуна алып, автократиялык башкаруу системасын уланта берет деп ойлойм. Себеби конституциялык өзгөртүүлөрдүн бири да президенттин чексиз бийлигин чектебейт", - деп билдирди саясат таануучу Шалкар Нурсеит.

Назарбаев өзү Нур-Султан шаарында добуш бергени тартылган кыска видеону жекшембиде анын маалымат кызматы жарыялады. Мурдагы президент журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Назарбаев Токаевге 2019-жылы мартта бийликти өткөрүп берген жана андан үч ай өтпөй президенттик шайлоо болгон.

Казакстандагы референдум кеминде 238 адамдын өмүрүн алган кандуу Январь окуяларынан дээрлик беш ай өткөндөн кийин уюштурулду. Январдагы нааразылык маалында элдин турмушун оңдоо сыяктуу социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди бийлик сересинен кетирүү, парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу бир катар саясий талаптар да айтылган эле.

Бул окуяларынан кийин Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраганы белгилүү. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева сыяктуу жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Казакстандын учурда иштеп жаткан Конституциясы 1995-жылдагы референдумда кабыл алынган. Андан бери Назарбаевге бийликте узак жыл калууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр парламент аркылуу кабыл алынып келди. Ошондуктан Токаевдин бийлиги Казакстандын тарыхында биринчи жолу Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселеси бүткүл элдик референдумга коюлуп жатканын баса белгилеген болчу.

Казакстандык айрым саясат талдоочулар Токаев демилге кылган соңку референдумду президенттик шайлоого даярдык катары да мүнөздөп жатышат.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ





Москва

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Композитор

Композитор из рода Аксаковых. Часть 2




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" и "Краснодар" объявили стартовые составы на матч чемпионата России

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Армяне в Великой Отечественной войне: Иван Георгиевич Магакьян



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России