Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Ташиев-Мадумаров айтышы тарапкерлерине жетти

0
Ташиев-Мадумаров айтышы тарапкерлерине жетти

Оппозиячыл депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламентте кайым айтышуу менен башталган талашы тарапкерлерине да жетти.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайым айтышуусу күн тартибинен түшө элек. Акыркы күндөрү эки саясатчынын тарапкерлери бир нече жерде жыйын өткөрүп, социалдык тармактар аркылуу кайрылууларды жолдошту.

Алгач өздөрүн Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери делген топ Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багына чогулуп, жасаган кайрылуусу интернетке тарады.

Анда чымыр денелүү ондогон адамдар ураалап кыйкырып, алардын бири Мадумаровду жана парламенттин дагы бир депутаты Тазабек Икрамовду сындап сүйлөгөнүн көрүүгө болот.

"Адахан Кимсанбаевич, сиздин кечээги парламенттеги окуяларыңызды бүткүл кыргызстандыктар көрдү. Популисттик кадамдарды токтотуңуз. Сиз журналистсиз. Сизде тил бар экенин билебиз, бирок Камчыбек Ташиевде жүрөк бар экенин бүткүл кыргыз эли билет",-деп эскерткен.

Буга кошумча, "Ташиевге тийишбегиле" деп өксүп ыйлаган жеткинчектин видеосу да соцтармакка тарады.

Ошол эле күндөрү Адахан Мадумаровдун тарапкерлери Камчыбек Ташиевге чара көрүүгө чакырып, бийликке кайрылды. Мадумаровдун тарапкерлери мындай кайрылууларды Орусиянын бир нече шаарынан жана саясатчынын кичи мекени болгон Өзгөн районунан жолдошту. Алардын бири:

"Эсиңер барда, этегиңерди жыйгыла. Сүйлөгөндө таразалап, "бирөөнү эр ойлосоңор, башканы шер ойлогула". Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич чыгып, Мадумаровдон кечирим сурашыңызды талап кылабыз",-деп кайрылды.

Оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери президент Садыр Жапаровго да кайрылуу жолдоп, аны бул кырдаалда калыс боло алган жок деп сындап жатышат.

Буга чейин президент "Азаттык" радиосуна берген маегинде Адахан Мадумаровду туура эмес маалымат таратты деп билдирген эле.

Дал ушундай жол менен эки саясатчынын кайым айтышы тарапкерлеринин бири-бирин айыптоосу менен коштолууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев бул кырдаалды өлкөдөгү амбициялуу эки саясатчынын бири-бирине сүр көрсөтүүсү катары сыпаттайт.

"Бул алдыдагы саясий жараянда эки негизги оюнчунун атаандашуусунун белгиси болууда. Ташиев да, Мадумаров да бүгүнкү күндөгү негизги оюнчулар. Бирок кандай гана атандашуу болбосун, анда саясий маданият, мыйзам сакталышы керек. Мыйзамсыз, туура эмес ыкмалалардын колдонулбашы зарыл",-деди Жээнчороев.

Талдоочулар мындай кайым айтышуунун уланышы опурталдуу экенин белгилешет. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев саясатчылардын пикир келишпестигин тарапкерлерине жеткирбей, кырдаал жөнгөрүлүшү керектигин айтууда.

"Убагында токтотуп, маселени чечип коюш керек. Ташиев да, Мадумаров да өз тарапкерлерин токтотушу зарыл. Бул жерде негизги ролду Жогорку Кеңештеги Этика боюнча комитет өз колуна алышы керек эле. Андай болбосо, саясатчылардын эмоционалдуу билдирүүлөрү тарапкерлерине жетип, эртең жаңжал чыгып кетсе эмне болот?".

Бирок азырынча Жогорку Кеңештин Этика боюнча комитети бул окуя боюнча үн ката элек.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Камчыбек Ташиев чек арадагы аткезчилик боюнча маалымат берүү алдында депутат Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптаган.

Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин сөзүнө жооп берип, УКМК кызматкерлери мыйзам бузуп, Баткендин тургундары түйшүк жаратып жатканын белгилеген. Эки саясатчынын талкуусу эмоционалдуу мүнөздө өтүп, Ташиев орой депутатка орой түрдө жооп кайтарган.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз





Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче


Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России