Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Куткаруучулар бар деп ишендиришкен". Аквапарктагы кырсык

0

Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында тогуз жаштагы баланын бассейнге чөгүп, каза табышы боюнча эки кылмыш иши козголду. Аквапарк убактылуу жабылды.

Окуучунун өлүмү боюнча Октябрь райондук милициясы кылмыш ишин козгоду.

"Милиция кызматкерлери "Ала-Тоо" аквапаркы, №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен биргеликте окуучулар үчүн эс алуу уюштуруп, бассейндердин бирине 3-класстын окуучусу чөгүп кеткендиги тууралуу алдын ала маалымат алышкан. Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127- жана 297-беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",-деди райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Айбарчын Батырбекова.

Аталган беренелер "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" жана "Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү" фактыларын камтыйт.

Аквапарктын кызматкерлери кырсык катталган 6-июнь күнү саат 10:30да бассейнге 292 киши киргенин ырастады. Алардын ичинен 15 ата-эне, 9 мугалим, калганы окуучулар болгон. Балдарды 13 куткаруучу көзөмөлдөп турган. "Ала-Тоо" эс алуу жайынын жетекчилиги жана коопсуздук кызматы менен баарлашууга мүмкүн болгон жок.

Каза болгон баланын апасы социалдык тармакта жазганына караганда, мугалимдер аквапаркта куткаруучулар бар деп ишендиришкен. Ал уулу менен чогуу барган эмес. Анын айтымында, "Тез жардам" кызматы окуя болгондон 15 мүнөттөн кийин келген.

“Эки аптадан бери “каникул башталганы жатат, аквапаркка алып баралы” деп мугалимдери жазып жатышты. Куткаруучулар болот, бир ата-эне болот. Калгандарыңар топтошуп бара албайсыңар дешти. Мен аларга ишенип баламды жөнөттүм. Балдардан кем калбасын дегем. Балам аябай даярданып барды. Өзү сууга сүзгөндү жакшы көрчү. Жаңы кийим алып бер деген, анысын алып бердим. Барганда балам чөгүптүр, бизге көптөн кийин айтышыптыр. Азыр эпилепсиясы бар экен деп айтып жатышыптыр. Менин балам эч кандай эпилепсия болгон эмес... Биз барган учурда 20дай Sprinter автоунаалары турат. 300дөй бала биринин үстүнө бири... Ушундай болмок беле. Акча жасаш үчүн ошончо баланы тобокелге салып, эмнеге алып барышат. Ар бир ата-энени өзүңөр алып келип, карагыла десе барабыз го...”,-деп айтып берген баланын апасы “СуперТВ” каналына.

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын аквапаркта эс алуусу мектеп администрациясы менен ата-энелердин биргелешкен демилгеси болгонунун билдирди.

"Бизде комиссия түзүлүп, эки күндөн бери иш алып барууда. Класс жетекчилер менен жолугуп, түшүнүк каттарды алды. Бүгүн жыйынтыктоочу жыйын болот. Эртең чечим чыгат. Мектептен бир нече класстын окуучулары барышкан. Каза болгон бала окуган класстын сабактары түштөн кийин болчу. Комиссия шаардык билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү борбору жана акимчиликтен түзүлдү",-деди Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Данияр Абдуазизов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков "Ала-Тоо" аквапаркы буга чейин техникалык коопсуздук эрежелерин жакшы сактап келгенин, кырсыктын чоо-жайы түшүнүксүз болуп турганын айтып жатат.

"Коопсуздук эрежелерин буга чейин жакшы деңгээлде сактап келген аквапарктардын бири деп айтсак болот. Бул аквапарктын кызматкерлери жыл сайын бизге келип окуудан өтүп, мурда окугандары аттестациядан өтүп турушчу. Биз сураганыбызда куткаруучулар болгонун айтышты. Кээ бир ата-энелер, мугалимдер дагы болгон экен. Балдардын арасында билинбей калган деп айтышат. Байкалбай калган да, ал жерде суу өтө терең деле эмес экен. Кантип чөгүп кеткенин экспертиза аныктайт. Көмкөрөсүнөн жатып эле чөгүп кеткенин айтып жатышат. Санитардык бөлүмүндө дарыгери болгон. Үч куткаруучусу былтыр бизден окуп, сертификат алып кеткен. Жаңы алган куткаруучулары да бар экен. Инвентарлары, кооптуу жайлардын көргөзмө тактайчалары баары эле бар экен".

Өткөн жылы жай айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында эс алуу борборунун көл жээгинде жайгашкан аквапаркына суу толтуруп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк ошол учурда көлгө түшүп жаткан 18 жаштагы жигитти соруп кеткен. Жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары биригип, баланын сөөгүн 50 метр тереңдиктен 4 сааттан кийин алып чыккан. Бул окуя коомчулуктун нааразылыгын туудурган. Ушул окуядан кийин гана көл жээгиндеги оюн-зоок жайларынын коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлө баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 121 жаран сууга чөгүп каза болгон. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар 50% түзөт. Каза болгон 121 жарандын 81и жайкы сууга түшүү мезгилине туш келет. 2022-жылдын 7-июлуна карата өлкө боюнча 20 жаран сууга чөгүп кеткен. Анын ичинен 11ин 18 жашка чыга элек балдар түзөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча суудагы кырсыктар негизинен жабдылбаган жерлерде сууга түшүү, сууда жүрүүнүн эрежелерин сактабоо, жээктен алыс сүзүп кетүү, сүзүү учурунда куткаруу кемселинин жоктугу жана мас абалында сууга түшүүнүн себептеринен болот.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Вид Волочковой без фотошопа потряс публику — макияж не спасает




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса


Уимблдон

Медведев рассказал, как ударился головой перед матчем с Уиллисом на Уимблдоне в 2016 году



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Camila Giorgi ‘flees Italy with family’ as tennis star-turned-lingerie model breaks silence on retirement mystery



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России