Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Министрдин камалышы: вакцина, пара, "фарммафия"

0
Министрдин камалышы: вакцина, пара,

Башкы прокуратура камакка алынып, кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш иши ачылып, бирөө боюнча айыбы угузулганын жарыялады.

Ага “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана “мамлекет кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелери менен иш козголгону айтылды. Бул боюнча толук маалымат берилбегени үчүн муну "өч алууну көздөгөндөрдүн буюртмасы" дегендер да бар.

"Вакцина иши": ашыкча сатып алуунун амалы

Кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 2021-жылы бюджеттик акчадан COVID-19 илдетине каршы ашыкча вакциналарды сатып алуу иши боюнча айып тагылды.

Тергөө ал жетектеген министрлик "мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуп, Түркиянын, Орусиянын жана Кытайдын жеке компанияларынан тендерсиз эле вакцина сатып алып, мамлекетти 1,5 млрд. сомдон ашуун зыянга учуратып, пайдасыз келишимдерди түзгөн" деп эсептейт.

Сот Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Министр “вакцина иши” тууралуу кыскача комментарий бергенге үлгүрдү:

“Мени 1,5 млрд. сомго айыптаган вакцина ишинин артында Акылбек Жапаров турат. Ал жерде эч кандай зыян жок. Биз арзан баада алганбыз. Анткени мага чейин эле Улукбек Марипов менен Жылдыз Бакашева Кытай өлкөсү менен келишип, сүйлөшкөн экен. Ошондуктан биз ал вакциналарды өз учурунда алып, калкты өз убагында эмдеп, көптөгөн адам өмүрүн сактап калдык”.

Мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов менен анын орун басары болгон Артем Новиков да коммерциялык негизде вакцина сатып алуу маселеси боюнча күбө катары суракка чакырылары айтылган. Анткени кыргыз өкмөтү 2020-жылы эле Дүйнөлүк саламаттык уюму негиздеген Глобалдык альянс менен COVAX механизми аркылуу калктын 20% акысыз эмдөөгө өтүнүч жиберип, долбоор макулдашылганы белгилүү.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVAX механизми аркылуу макулдашылган өлчөмдө вакцина жеткирүү планы ишке ашкан.

Башкы прокуратура: мамлекет 1,6 млрд. сомдой зыян тартты

Мындан тышкары өкмөттөр аралык жетишилген макулдашуулардын натыйжасында Кытай, Орусия, Азербайжан, АКШ жана Казакстан баштаган өлкөлөр мамлекеттик линиялар аркылуу жалпысынан миллиондогон доза вакциналар гуманитардык жардам катары Кыргызстанга келген.

Тергөөнүн айыптоо корутундусунда: "Саламаттык сактоо министрлиги гуманитардык жардамга акысыз келген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар болгонуна карабай, министрликтин тиешелүү кызмат адамдары пайда табуу максатында чет элдик жеке компаниялардан ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцинаны коммерциялык негизде сатып алганы аныкталган" деп көрсөтүлгөн.

Натыйжада 243 миңден ашуун дозанын мөөнөтү өтүп кетип, 3 млн. дозадан ашуун вакцина кампада жыйылып, пайдаланылбай, сакталып турганын тергөө иштери таап чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө өнөктүгүн алдын ала пландабай, ашыкча сатып алуунун айынан бюджеттик акчага жана гуманитардык жардамга алынган вакцинанын көбү пайдаланылбай калып, бул алды-саттынын кесепетинен мамлекеттик казына 1,6 млрд. сомго чукул зыян тартканы тергөөнүн айыптоо корутундусунда жазылган.

Анткен менен Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо башкармалыгынын өкүлү Зуура Зулумбаева пандемиялык кырдаалды эске алуу менен вакцина ашыкча запасы менен алынарын жүйө келтирди.

“Гуманитардык жардам аркылуу келген вакциналар бөлөк. Бизде андан башка долбоорлор боюнча дагы келишимдер түзүлгөн. Алар башка. Бирок биз ошол маалда гуманитардык багытта келген вакциналар менен элди камсыз кыла албаганыбыз үчүн анан башка жактардан жардам сураганбыз да. Ошол программалар аркылуу келишим менен алынган. Бул жерде ар кандай кырдаалдар болуп жатпайбы. Ошого жооптуу бөлүм башчысына иш козголду. Эмдөө борборунун жетекчисин камап салышты. Мындай болбойт да. Эгерде гуманитардык жардамга келген эле вакцина жетсе, ашыкча сатып алмак эмеспиз. Вакцина көп булактардан алынган. Бирөөлөр гумжардамга берген. Муктаждык күч болгондуктан Дүйнөлүк банк менен эки долбоор баштаганбыз. Азия өнүктүрүү банкы менен бир долбоор болгон”.

2021-жылы Саламаттык сактоо министрлиги Орусиянын компаниясынан 110 миң доза, Кытайдын жеке фирмасынан 2 млн. 350 миң доза, түркиялык компаниядан 55 млн. сомдук дары-дармектерди көзөмөлдөө тутуму алынган. Бул үчүн 21 млн. 300 миң сомдой акча алдын ала төлөм катары которулган.

Бахрейн мамлекети менен дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын акысыз орнотуп берүү меморандуму бар экенине карабай, анын ордуна ошондой эле системаны түркиялык компаниядан сатып алуу үчүн 55 млн. сом которгону аныкталганын Башкы көзөмөл органы билдирди.

Анткен менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов акчанын которулганы тууралуу тергөөнүн версиясын жаңылыштык деп атап, акча ордунда турганын Твиттердеги баракчасына жазды.

Бирок Эдил Байсалов тергөөгө таасир этүү катары каралбашы үчүн оюн расмий билдирүүдөн баш тартты:

“Бул боюнча тергөө ишин улантсын. Жыйынтыгы чыксын. Анткени мыйзам боюнча тергөө жүрүп жаткан учурда айтылган ар кандай сөз ага кийлигишүү катары каралышы мүмкүн. Буга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан мен буга расмий комментарий бербей турайын. Комиссия өзү билет. Бул жерде ар кайсы фактылар тууралуу айтылып жатат. Анын бардыгын тергөө менен сот териштирип, чекит коёт. Менимче, аларда маалыматтар жетиштүү эле”.

Бирок ошол эле кезде түркиялык компания менен түзүлгөн келишим боюнча аталган системанын өлкөгө келбегенин тергөө аныктап чыккан.

Бахрейн чыгымдарды өзүнө алып, акысыз кызмат көрсөтүү макулдашылса да, аны менен кызматташпай түркиялык компания менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдасыз келишим түзгөнү айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөн.

Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров коюлган айыптоо боюнча комментарий берүүнү туура көрбөдү:

“Мен анын бардыгын билбейт экем. Аны толугу менен тергөө органдарынан сурабасаңар. Менин коргоомдогу адам азырынча бир эле эпизод боюнча айыпкер катары жоопко тартылууда. Калган иштердин материалдары менен бизди тааныштырыша элек. Тергөө жаңы башталды. Азыр биз эч нерсе айта албайбыз”.

"Вакцина иши” боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевге, орун басары Улук-Бек Бектургановго, эмдөө борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысовага жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбековго айыбы угузулган.

Министр жана анын кол алдында иштеген үч жетекчи 2-июнда кызмат ордунан бир учурда кармалган. Башкы көзөмөл органы Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын бири “коррупция”, экөө “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелеринин негизинде козголду.

"Далилдер болбосо иштер козголмок эмес"

Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолиддинов калган кылмыш иштеринин жагдайлары жакында жарыяланарын билдирди:

“Жалпысынан мына ошол айыбы угузулган иштен башка дагы алты кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Буга байланыштуу тергөөдө министрдин жана башка кызмат адамдарынын ага тиешеси бар экени аныкталгандан кийин алардын бардыгына мына ошол кылмыш фактылары боюнча да айыптар тагылат. “Вакцина ишинен” башка калган кылмыш иштери ири өлчөмдө опузалап пара алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, пайдасыз келишимдерди түзүү деген беренелердин негизинде козголгон. Алардын арасынан министрдин 500 миң сомго чукул пара алган жагдайы боюнча маалымат ачыкка чыкты. Мындан сырткары 4 млн. сомдон ашуун акчага кымбат баадагы дары-дармектерди сатып алган иштин жагдайы жарыяланды. Калган кылмыш эпизоддору боюнча дагы тергөө аяктаса, маалыматтарды чыгарабыз. Тиешелүү адамдардын көрсөтмөлөрү жана далил базасы болгону үчүн кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Калган фактылар боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен айыптар коюлат”.

Тергөө азырынча министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү менен кошо камалган орун басары Улук-Бек Бектургановду "кызматынан алам" деп опузалап, 1 млн. сом акча талап кылып, ортомчу аркылуу 498 миң сом пара алганын кабарлады.

Бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу деген негиз менен козголгон кылмыш иштери боюнча үстүртөн айтылган "опузалап акча талап кылуу", "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" боюнча айыптоолор кайсы кылмыш эпизоддоруна байланыштуу экени ачык жарыялана элек. Бул иштерде министрдин аталган орун басарынан башка дагы кайсы жабырлануучулар ага каршы көрсөтмө берип, арыз жазганы да белгисиз.

"Күрөш баштаган министрдин иши күмөн жаратат"

Экс-депутат Сайдулла Нышанов тармакта коррупция тамырлашканын айтып, ага каршы чыккан министрдин кармалышы суроо жаратканын айтууда.

“Финансылык иштер боюнча бир топ күмөндүү жагдайлар бар. Бул жерде министр жалгыз өзү эле акчаны которуп жибере албайт. Жооптуу кызмат адамдарынын бардыгы кол коюп, анын аныктыгын билгенде гана акча төлөнөт. Акыл-эси жайында министр жөн эле жерден орун басарынан акча талап кыла албайт. Бул жерде мына ошол орун басардын башка иши болушу ыктымал, анан ага “министрге каршы көрсөтмө берсең, кийин сени бошотуп жиберебиз” дегендей болушу дагы ыктымал. Ал жеке керт башын куткаруу үчүн мына ошондой кадамга барышы мүмкүн. Бул министр ырааттуу реформа жасабаса да, медицина тармагын олку-солку кылды десек болот. Анткени тармакта аябай чоң акча айланат. Көптөгөн министрлер эч кимге жаман көрүнбөй иштеп келишти. Бирок бул киши көп былыктарды ачык айтып, агымга каршы сүзүп көрдү. Ал жакта эч кимди тоготпой калган адамдар чөөнүн балдарындай биригип алып, бул жетекчиге асылышты. Медицинада аябай чоң акча айланып, ага эбак тумшугун салган күчтөр кайсы гана министрге болбосун, асылып, аны "жеп" коюшу мүмкүн. Бул киши президенттин колдоосу менен ушуга чейин туруштук берип келди. Эми аягы эмне болору белгисиз”.

Ошол эле кезде Башкы прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон жети кылмыш ишинин биринде медицина тармагындагы дары-дармек мафиясына байланыштуу кылмыш иши бар экенин эскертти.

Анда Алымкадыр Бейшеналиев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, “Ю.Х” деген фармкомпания менен жең ичинен келишип алып, ооруканалар үчүн 41,1 млн. сомдук дарыны кымбат баада сатып алып, мамлекетке 4,5 млн. сомдон ашуун зыян келтиргени көрсөтүлгөн.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары ага каршы маалымат жыйынын өткөрүп, аны кызматтан алууну талап кылышкан.

Алардын бири, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тергөө козгоп жаткан кылмыш иштеринин биринен дагы кабары жок экенин билдирди.

“Мен ошолорду билбейт экем. Бул тууралуу маалыматтарды тергөө органдарынан сурашыңар керек. Биз эч нерсе билбейбиз. Себеби ал убакта биз жок элек. Иштеген эмеспиз. Алар тууралуу министрликтин коллегиялык жыйындарында дагы сөз болгон эмес. Жыйынтыктоочу коллегиялык жыйында дагы бул тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес”.

Өткөн 4-июнда президенттин тескемеси менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ишинен убактылуу четтетилди.

Бул иш боюнча президент Садыр Жапаров объективдүүлүк үчүн тергөөнүн жүрүшүн караган атайын комиссия түзүлөрүн билдирди.

Президентке жакын адам катары саналган Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Ал былтыр президент Садыр Жапаровдун сунушу менен резиденцияда уу коргошун кайнатып, коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн колдонору сынга кабылган. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган.

Бейшеналиев камалганга чейин тармакта жасап жаткан иштерин реформа катары сыпаттап келген.

Алымкадыр Бейшеналиевден мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы дары-дармек сатып алуудагы кылмыш иши боюнча кармалып, камакка алынган.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике





Москва

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Булату Окуджаве — 100 лет. Как поэт жил в Нижнем Тагиле и как на Урале нашли пленку с его редким интервью




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России