Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Абактагы саясат талдоочу ооруканада үзүлдү

0

Мамлекетке чыккынчылык кылган деп былтыр УКМК тарабынан кармалып, камалган саясат таануучу Марат Казакпаев ооруканада өзүнө келбей каза тапты.

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда саат 11лерге жакын “Тез жардам” менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилгенин айтты. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

“Дароо консилиум болуп дарыгерлер абалын карап чыкты. Кан басымы төмөн болгондуктан, кечке жуук дофамин дарысы сайылган. Ага да карабай кан басымы дагы деле ылдый болду. Бүгүн да консилиум болуп дарыгерлер ден соолугун караганбыз. Тилекке каршы, болгон аракетибизди көргөнүбүзгө карабай, саат 13:22де каза болду. Диагноз геморрагикалык инсульт, комага түшүп калган. Кечээ кечинде дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, антибиотик да сайганбыз”, - деди дарыгер “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Акыйкатчынын кеңсеси 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Казакпаев быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилгенин маалымдаган. Омбудсмен институту саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнү териштирилип жатканын билдирген.

Эске салсак, маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева күйөөсүнүн каза болгону боюнча "Политклиника" басылмасына комментарий берди. Анын айтымында, 31-майдагы соттук отурумда Казакпаевдин ден соолугу начарлап, бир көзү такыр көрбөй калганы үчүн бөгөт чарасын кароону көтөрүшкөн.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун консилиумунун анын абалы оор деп чыгарган чечими да болгон. Казакпаева ошого карабай күйөөсүн камакта кармоо "кыйноо" катары кабыл алынышы керектигин белгиледи.

"Ал жашашы керек эле. Эки жаштагы баласы бар, аны ким багат? Марат бүгүн каза болду. Эми буга ким жооп берет? Биринчи кезекте медициналык чечимди кармап отурганы үчүн УКМК жооптуу. Ал кагазды Башкы прокуратурага бериши керек болчу. Иш жабык каралганы үчүн соттук отурумдарга мен катыша алган жокмун. Коридордо судьяны көрүп, "Маратты жоготуп алыштан коркуп жатам, ал кыйналып жатат" дедим. Мага ишенбесе өздөрү текшерип көрүшү керек эле".

 

Саясат талдоочунун абактагы өлүмү кыргыз коомчулугунда талкууланып, абактагы адам укуктарынын абалын эске салгандай болду.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликти Кыргызстандын абактарында отурган бардык адамдардын медициналык жардам алуудагы укугунун сакталышын камсыз кылууга чакырды.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу жасап, түрмөлөрдө дарыгерлердин жардамын алуу өтө татаал, бюрократиялык тоскоолдук көп экенин айтты.

“Мараттын (ред: Марат Казакпаев) окуясы боюнча коомдук мамлекеттик комиссия түзүшүбүз керек. Ал комиссия буга ким күнөөлүү, эмне үчүн жардам көрсөтүлгөн эмес, ооруп жатса да эмнеге түрмөдө кармалып турду ушуну текшерип, жыйынтык чыгарыш керек. Ага күнөөлүү адамдарды жазага тартууга аракет кылышыбыз зарыл. Ошондо гана мындай окуяларга бөгөт коёбуз”, - деди Жээнбеков.

Бириккен демократиялык кыймыл буга байланыштуу мындай билдирүү таратты.

"Марат Казакпаевге козголгон иш ойдон чыгарылгандыгынан күмөн санабайбыз. Белгилүү саясат таануучунун изилдөө ишмердүүлүгү атайылап жана жалган чет мамлекеттин пайдасына маалымат чогултуу катары квалификацияланган. Анын үстүнө УКМКнын тергөөнү атайылап создуктуруп, Казакпаевди мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашык камакта кармоосу да анын өлүмүнө себеп болду".

Оппозиция мындан тышкары президент Садыр Жапаровду саясат талдоочунун өлүмүнө байланыштуу УКМК жетекчисине жана Башкы прокуратурага чара көрүүгө чакырган.

"УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилигин жоопкерчилиги каралсын, УКМКнын төрагасы К.Ташиевди кызматынан алуу чарасын көрсүн; Кылмыш ишин козгоо фактыларын, тергөө бюрократиясын жана М.Казакпаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактыларын кылдат жана объективдүү иликтесин", - деп жазылган кыймыл тараткан маалыматта.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адамды УКМК 2021-жылы апрель айында кармаган. Аларга кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырган.

Жергиликтүү медиалар Токтоучиков өлкөдөгү казактар диаспорасынын мурдагы жетекчиси экенин жазып чыгышкан. Бирок парламенттин мурдагы депутаты, Кыргызстандагы казактар бирлигин жетектеген Гүлшат Асылбаева анын диаспорага тиешеси жок экенин билдирген.

Асылбаева Кыргызстандагы казактар ассоциациясын 2018-жылдан бери башкарып келе жатканын, учурда Токтоучиков ага жетекчи да, мүчө да эмес экенин айткан.

56 жаштагы Марат Казакпаев көп жылдан бери журналисттер арасында саясат таануучу катары белгилүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун ушул эле окуу жайдын философия жана дин таануу кафедрасында баштаган. Кийин саясат таануу кафедрасына которулган. Казакпаев соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде ушул эле багытта сабак берип келген.

Казакпаев эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маек куруп, комментарий берип турчу.

Талдоочу жергиликтүү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунда (ЦППИ), бир нече өлкөлөрдүн эксперттеринин башын бириктирген “Пикир” клубунда жана башка уюм-мекемелердин платформаларында да өз ойлору менен бөлүшүп келген. Ар кандай саясий изилдөөлөргө да катышып жүргөн жайы бар.

Камалганга чейин орусиялык "Гуров и партнеры. Центральная Азия" аттуу сайты менен жергиликтүү долбоордун жетекчиси катары кызматташып жүргөнү айтылган. 24.kg жана Kaktus.media басылмалары интернеттеги архивдерге таянып, gurovpr.ru сайтында Казакпаев тууралуу кенен маалымат болгонун жана ал кармалгандан кийин макала өчүп калганын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Автомобили «Москвич» будут собирать по технологии полного цикла





Москва

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

В БРХК прошел Урок памяти Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Независимый фантастический триллер из девяностых


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Журналистка Надежда Кеворкова* внесена в перечень террористов и экстремистов



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России