Аквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу куткаруучу камалды
"Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана "Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренелери менен козголгон. Аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.
9-июнда мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.
Окуяны иликтөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгында түзүлүп, мектептеги бир канча мугалим иштен алынган. Комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы да Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (SE)