Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Хорогдогу "атайын операцияда" эки киши өлтүрүлдү

0

Тажикстандын укук коргоо органдары “бийликтин багынып берүү талабына баш ийбегендиктен” Хорог шаарынын бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов “атайын операциянын” жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн билдирди.

Көз карандысыз булактар алар өздөрүн жардырып жибергенин жазды. Күч кызматтары Тоолуу Бадахшанда май айында өткөн операцияларда да ондогон адамды жок кылган.

Расмий жана бейрасмий кабарлар

Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун Коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча штабы соңку операция жөнүндө 12-июнь күнү кечинде кабарлады. Аталган штаб атайын операция алар укук коргоо органдарына улам-улам чакырылып, бирок келбей койгон үчүн өткөрүлгөнүн, алар каршылык көрсөткөнү үчүн күч кызматтары да ок чыгарганын билдирди.

“Хурсанд Мазоров жана Зоир Ражабов атайын даярдыктагы күчтөрдүн куралдарды өз ыктыяры менен өткөрүп, багынып берүү тууралуу талабына баш ийген жок жана куралдуу каршылык көрсөттү. Алар "Ф-1" гранаталары менен Калашников автоматын пайдаланып, чабуул жасашты. Натыйжада, жооп катары ок чыгаруудан улам кылмышкерлер жок кылынды”,-деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Бийлик органдары өлтүрүлгөн жарандардын, курал-жарактардын сүрөттөрүн жарыялады. Мындан сырткары дагы он адам кармалганын, алардын ичинде башка активисттер Имомназар Шойширинов жана Муслим Шерзамонов бар экенин ырастады.

Расмий маалымат боюнча, Мазоровго Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси, анын ичинде "терроризм", "адам өлтүрүү", "баңгизатын сатуу" менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Ражабовго "терроризм", "мамлекеттик бийликтин имараттарын жана курулуштарын басып алуу", "улут аралык кастыкты козутуу" сыяктуу сегиз берене менен айып коюлган. Экөө тең элүү жашта болгон.

Аймактагы окуяларды чагылдырып келген Pamir Daily News порталы өз булактарына таянуу менен Мазоров жана Ражабов күч кызматтарына багынып берүүнү каалабай өздөрүн-өздөрү жардырып жибергенин жазды.

“Алар өлгөндөн кийин беткап кийген аскер кызматкерлери кутуларга белгисиз бирдемелерди маркумдардын үйүнө алып кирип, камерага ар кандай нерселерди тартып жатышат”,-деп айткан порталга жергиликтүү тургундардын бири.

Маркумдардын жакындары жана туугандары буга байланыштуу эч кандай комментарий бере элек. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Хурсанд Мазоров жана Зоир Раджабов Тоолуу Бадахшандын он жыл баштагы бейрасмий лидери Имомназар Имомназаровдун үзөңгүлөштөрү болгон. Мурдагы талаа командири Имомназаровду 2012-жылы өз үйүндө белгисиз адамдар атып кетишкен. Мазоров менен Ражабов андан бери жарандык активист катары чыгып жүргөн. Бирок бийлик аларды дайыма “Хорогдогу уюшкан кылмыштуу топтордун лидери” катары көрсөтчү.

Май айындагы “операциялардын” курмандыктары

Тажикстандын аталган аймагындагы кырдаал 14-майдан баштап курчуду. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда жана операцияда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 114 адам кармалганы ырасталды. Кийин “Азаттыктын” тажик кызматы жайкын тургундар арасында өлгөндөр отузга жакын экенин жазган.

Расмий маалыматка караганда, бул операция учурунда бир офицер каза таап, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынган, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Ондогон киши кармалган.

22-майда болсо Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарында аймактагы бейформал лидер деп мүнөздөлгөн Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнү маалым болду. Айрым эл аралык басылмалар памирликтердин лидерин "өкмөттүк күчтөр өлтүрдү" десе, расмий маалыматта Мамадбокировго кылмыштуу топтордун тирешинде ок тийгени айтылды.

31-майда облустагы “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Ички иштер министрлиги аларды “уюшкан кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтышкан.

Июндун башынан бери эле бир нече жолу жергиликтүү активисттерди кармоо аракеттери болду. Маселен, 11-июнда эле Хорогдо үч адам кармалган. Соңку окуялар да ушул кармоо иштеринин тескери өңүт алып кеткен учуру болуп калганы түшүнүнүктүү болуп турат.

Тажикстандын укук коргоо органдары каршылык аракеттерине чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын билдирүүдө. Бирок ал кайсы уюмдар экенин тактаган жок.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Эл аралык уюмдардын тынчсыздануусу

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын президентин Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жакында эле өткөн каршылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоодон алыс болууга чакырды.

"Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек. Андан тышкары тажик бийлиги Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларына байланыштуу ачылган кылмыш иштерин токтотушу абзел", - деди 26-майда уюмдун өкүлү Сыйнат Султаналиева.

Мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жайкын тургундарга жасалып жаткан күч колдонууларга жана андагы курмандыктарга байланыштуу тынчсыздануусун жарыялаган.

Анын алдында Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаалдын курчуп кетишине камтамачылыгын билдирди. Өз кайрылуусунда, Бадахшандагы жактоочуларын “жаңжалдарды диалог жолу жана өз-ара сый-урмат, түшүнүшүү менен чечүүгө” чакырды.

Тажикстандын башка аймактарындагы суннит багытын кармангандардан айырмаланып Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары Исламдын шийи агымын тутунган исмаилиттер болуп саналат. Исмаилиттерде лидерлик мураска калат жана Ага-Хан тукумдары алардын түбөлүк имамы болуп саналат.

Жаңжалдын төркүнү

Кийин чыккан маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Шохдар айылында оор кылмыштар үчүн айыпталган Гулбиддин Зиёбеков аттуу жаранды кармоо операциясы учурунда ал каза болуп калган. Буга байланыштуу анын жакындары жана аймактын тургундары облус борбору Хорог шаарындагы акимчиликтин алдында чогулган.

Бийликтин аларды таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Прокуратура Зиёбеков “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын кабарлаган. Укук коргоо органы ал 2020-жылы прокурордун жардамчысын кыйноого алып, сабаган деп кине таккан. Бирок нааразылыкка чыккандар муну төгүндөп, кырдаал курчуган.

Нааразылыкка чыккандардын саны беш миңге чейин жетип, алар жергиликтүү акимчиликтин имаратына таш ыргытып, чабуул жасаганга аракет кылган. Төрт күнгө созулган акцияны полиция ок атып араң тараткан. Күч кызматтары ок эскертүү иретинде асманга атылганын билдирген, бирок окуядан ондогон киши жараат алган. Ал тургай айрым басылмалар ошол күнү жараат алган үч киши мерт болгонун жазышкан.

Мындан кийин бадахшандык лидерлерди кармоо аракети башталган. Орусияда жүргөн Амироддин Аловатшоев эктрадицияланып, 18 жылга жатак абакка кесилген. Жарандык активист Ифтихор Саидбеков кармалып, жогоруда белгиленген Мамадбокир Мамадбокиров менен Чоршанбе Чоршанбиевдерге да бийликти басып алуу тууралуу айыптар тагылган.

Тажик бийлиги жергиликтүү элден “каршылык акцияларына катышпоо тууралуу” тил кат алып, текшерүү чараларын күчөткөн. Аймакта дээрлик беш-алты айдан бери интернет жана башка байланыш каражаттарына чектөө кирген.

Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгү да камтамачылыгын билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Кажется, мы начинаем забывать Урганта: ведущего не пустили на 100-летие Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве пройдет Братский кубок с "Динамо", ЦСКА и сербскими "Партизаном" и ОФК

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Пензенские регбистки выиграли первенство России


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России