Баткен: Булак-Башыда дагы ок атышуу болду
Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды.
Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Андан кийин Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирген.
“Ушул тапта Баткен облустук чек ара башкармалыгы менен райондук деңгээлдеги 20-22 аскер бөлүгүнүн командирлери жолугушууга кеткен. Сүйлөшүү бүтө элек. Райондун аймагында абал туруктуу”, - деди Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна.
"Азаттыктын" тажик кызматы атышуудан 26 жаштагы тажик чек арасы каза тапканын жазды.
Тажик бийлиги бул тууралуу комментарий берген эмес. Бирок "Озодинин" анонимдүү булагы чек арачы Жайхун районунун тургуну экенин, сөөгү Исфарадагы ооруканалардын биринин өлүкканасында кармалып турганын айткан.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев чек арадагы ок атышуу боюнча Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода менен телефондон сүйлөшүп, кырдаал оорлоп кетпеши үчүн аракеттер жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Учурда чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү жетекчиликтери тажикстандык кесиптештерине жолугуп, сүйлөшүп, окуя эмнеден тутанганын иликтеп жатат. Кырдаалды көзөмөлдөп, чек ара аймактарында абалды туруктуу кармоо үчүн Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси менен сүйлөштүм. Тиешелүү тапшырмаларды бердик. Окуядан кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Чек арада абал туруктуу”, - деди Абдыкарим Алимбаев.
3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.
Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын маалымдаган.
Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан тышкары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар. Эки өлкө ортосунда чек ара маселеси толук чечилип бүтө элек.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.
Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.
2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.
Быйыл 27-январда Чыр-Дөбө аймагында ок атылып, кыргыз тараптан 11 адам жараат алган. Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.
10-мартта Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде ок атышуу болгон. "Азаттыктын" тажик кызматы өз булактарына таянуу менен бул ок атышууда бир чек арачы каза таап, дагы бир киши жабыр тартканын жазган.
2022-жылдын 12-апрелинде да чек арада ок атышуу болуп, алты кыргызстандык жараат алган. “Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.
3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы аймагында ок атышуу болуп анда кыргызстандык эки аскер жараат алган. "Тез жардам" аларды окуя болгон жерден Баткен шаарындагы облустук ооруканага алып келип, андан кийин Бишкекке тик учак менен жеткирилген.