Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Кумтөрдүн" менчик имаратка көчүшү сынга кабылды

0

Жогорку Кеңеште Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги ижарага алган имаратка байланыштуу маселе көтөрүлдү. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламентте холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк кымбат кеңсеге көчүп барганын сынга алды. Мамлекеттик компания болсо жаңы, заманбап имаратка көчүп барганы туура болгонун айтып жатат.

Депутат Жеңишбек Токторбаев улуттук холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин соңку эки жыйынында катары менен көтөрдү.

Ал 16-июндагы сессияда Кумтөр кенин башкарган мамлекеттик компания Бишкектин так ортосунда, Ак үйдүн маңдайындагы ижара акысы кымбат менчик кеңсеге көчүп барганын дагы бир жолу айыптады.

"Тенгиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Урматтуу Тенгиз Бөлтүрүк, мыйзамдын алдында баары бирдей. Убакыт барда эсиңизге келиңиз. Элдин акчасын ары-бери чачканга сизге ким укук берди? Бул элдин акчасы. Эгер токтотпосоңуз, сиз жакында түрмөгө отурушуңуз мүмкүн. Холдингди сызга отургузуп туруп качып кетишиңиз мүмкүн. Кечээ мен кайрылуу жасагандан кийин алар аны расмий түрдө жокко чыгарган билдирүү таратышты. Мен анда Кумтөр 1600 чарчы метр алыптыр дегем, алар 5 миң чарчы метр кеңсе алдык деп жатат. Шаардын так борборунда бир чарчы метр 20 доллар турат. Айына 100 миң доллар ижара акы төлөйт. 12% кошумча нарк салыгы да бар. Андан сырткары 5 миң доллардык коммуналдык кызматы бар. Ошондо жалпысынан ижара үчүн бир айда 120 миң доллардай төлөп жатат. Аны сомго которгондо 10 миллион сом төлөп жатпайбы".

Депутат мындан улам президенттин парламенттеги өкүлүнө, спикерге кайрылып, улуттук холдинг мамлекеттик имаратта калышы керектигин билдирди.

"Алар "Учкунда" эле отура беришпейт беле. Ал мамлекеттик ишкана да. Ошол жерге төлөнгөн акча дивиденд болуп кайра мамлекетке кайтып келет. Азыркы 10 миллион сомдун тегерегинде бир айга төлөнгөн акча бир бизнесмендин чөнтөгүнө түшөт. Эгер ушундай эле заманбап имаратта отургусу келсе, "Учкунда" отура туруп, эки айлык ижарага акысына зыңкыйган кеңсе куруп алса болот. Биз мамлекеттин акчасын үнөмдөө ордуна чачып жок кылып жатабыз. Биз акчаны оңду-солду чача берсек, тышкы карызды төлөй албай калабыз. Мен кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен сүйлөшкөм. Бишкектин четинде аянты 4 миң чарчы метр "Кыргызтелекомдун" эски имараты бар экен. Алар ошол жакка барып отуруп турсун, жаңы кеңсе куруп алгандан кийин көчүп келишет".

Улуттук холдинг болсо жаңы имаратка көчүп баруу негиздүү экенин айтып жатат.

"Улуу көчмөндөр мурасынын" басма сөз катчысы Назира Ахмедова компания жалпы аянты 5 миң чарчы метр "А" классындагы кеңсени ижарага алуу келишими былтыр жыл аягында түзүлгөнүн билдирген.

"Буга чейин "Учкун" ишканасында “Кумтөр Голд Компани" отурчу. Азыр холдинг түзүлдү. Ал жакка баткан жокпуз. Бир кичинекей кабинетте 7-8 киши тыгылып отурду. Ал жерде эки лифт иштейт, жакшы жүрбөйт. Кеңсе эски, ремонтко көп каражат кетмек. Мамлекеттик ишканаларда биз издеген кеңсе жок экен. Биз орточо баадагы кеңсе алдык. “Кумтөр Голд Компани" ишканасында 345 киши иштейт. Андан тышкары холдингдин кызматкерлери бар. Жалпы саны 500гө жакын. Андан тышкары эл аралык инвесторлор келип жатат. Аларды кабыл алганга "Учкундагы" кеңседе мүмкүнчүлүк болбоду".

Ахмедова депутат Токторбаев айткан ижара акынын суммасын жокко чыгарды жана азыркыга чейин баасы толук бычыла электигин, ижаранын кожоюну баасын арзандатып берүүгө макул болгонун айтууда.

"Биз бир кеңсени толугу менен кармаган жокпуз. Ал жерде башка компаниялар дагы отурат. Депутат бир чарчы метринин баасы 20 доллар деп айтып жатпайбы, бирок андай эмес. Биз аларга "силерден ушунча чарчы метр алып жаткандан кийин жакшылап арзандатып бергиле, анан калса холдинг болуп жатат, көп долбоорлор болот" деп айтканбыз. Алар деле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биздин талапка муюп жатат. Азыркыга чейин баасын такташып жатабыз. Алар арзандатууга убада беришкен. Биз башында 3 миң чарчы метр алабыз дегенбиз да. Кызматкерлерди жайгаштыра келгенде эле алар батпай калды. Анан биз кошумча аянт сурап, 5 миң чарчы метр алдык. Башында алар бизге баасын айткан. Биз арзандатып бергиле дегенбиз".

"Кумтөр Голд Компани" тараткан маалыматка ылайык, имараттын кожоюну бир чарчы метрди 17 долларга баалаган. Азырынча ижара берүүчү канчага арзандатары белгисиз.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Ак үйдүн так маңдайындагы бул имарат "Орион" курулуш фирмасына таандык.

Аталган компания менен анын кожоюну Куттубай Мырзабаев "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги менен түзүлгөн келишим, имараттын ижара акысын арзандатуу жагдайлары тууралуу комментарий бере элек.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировдун пикиринде мамлекеттик ишкана азыркыдай шартта мүмкүн болушунча каражатты сарамжалдуу пайдаланууга тийиш.

"Жеке башкарууда болгондо мындай маселе чыкчу эмес, анткени алар өздөрү башкарчу. Азыр мамлекеттик башкаруу болгондон кийин акчаны үнөмдөш керек. Себеби мамлекеттин карызды төлөө, жол куруу, мектеп салуу деген жоопкерчиликтери бар да. Мүмкүн болушунча үнөмдөөгө өтүү туура. Депутат көтөргөн маселени мен деле колдойм".

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын пикир айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

Ушул айдын башында “Кумтөр Голд” ишканасы быйыл январь-май айларында өлкө бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 17,3 млрд. сом төккөнүн билдирген. Анда бул сумма “рекорддук” деп мүнөздөлүп, план 74,9 млн. доллар болгону, иш жүзүндө 206.2 млн. доллар төлөнгөнү белгиленген. Кендеги тоо иштери беш ай ичинде 69,15 млн. тоннага жеткени, бул аралыкта алтындын орточо курамы 3,33 г/т болгон 2 млн. 705 миң тонна кен казылып алынганы маалымдалган.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Ал арада Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн жарандык активист Наристе Калчаев парламентте Кумтөргө байланыштуу көтөрүлгөн соңку маселени бийликтеги кайсы бир күчтөрдүн таасир талашы, саясат менен байланыштырды. Ал депутаттарды кенден улам кайсы бир жагдайларда үн катпай жатканы үчүн сынга алды.

"Чыгып алып кыйкыруудан мурда депутаттар чакырып алып сурабайбы, баары ошолордун колунда да. Убагында Кумтөргө барып, рекламалап көз айнектерден бери көтөрүп келген турбайбы. Анда унчукпай "баары жакшы экен" деп жүрүшкөн. Бул жерде мындайча айтканда оюн болуп жатат. Келишим боюнча эч ким маселе көтөргөн жок. Экологиялык доого байланыштуу сот тууралуу деле эч кимиси үн катпады. Бул жерде саясий оюн болуп жатат, бирөөнүн командасы кетиши керек, башка команданын мүчөлөрү көбөйүшү керек жаткандай. Кеп ижарага алган имаратта же Бөлтүрүктө эмес, кеп саясатта болуп жатат".

Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Быйыл жыл башында улуттук холдингдин башчысы болуп ошол кезге чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Көп өтпөй бул ишкана кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашуун ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Мамлекеттик компанияга чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылганы менен алардын аты-жөнү ачыкка чыккан жок жана долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу дагы маалымат бериле элек.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Ивлеева

Блогер Настя Ивлеева пожертвовала полмиллиона рублей бойцам СВО из Забайкалья




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве пройдет Братский кубок с "Динамо", ЦСКА и сербскими "Партизаном" и ОФК

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Пензенские регбистки выиграли первенство России


Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Годовой объем рынка легальных ставок на спорт в Японии в 2023 составил €48,4 млрд



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России