Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Ичегисин тешип салышкан". Курсактагы майды алдырган келиндин өлүмү

0

Бишкекте ооруканага эс-учун жоготуп түшкөн 40 жаштагы аял көз жумду. Жакындарынын айтымында, өлүмгө борбор калаадагы Art сlinic аттуу менчик клиникада жасалган липосакция операциясы себеп болгон.

Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция-ред.) операциядан кийин абалы начарлаган аялды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга 14-июнда жеткирген.

Маркумдун сиңдиси Жаркындын айтымында, бейтаптын комага түшүүсүнө пластикалык хирургдун катасы себеп болгон.

"Эжем 10-июнда курсагындагы майдан арылуу үчүн операцияга барган. Өкүнүчтүүсү липосакция жасатарын же мага, же апама айткан эмес. Операция болгонун үч күн өткөндөн кийин клиникадан “абалы начар” деп телефон чалышканда билдик. Апам ошондо операция жасаган дарыгер менен сүйлөштү. Догдур “липосакциядан кийин ушундай оорушу мүмкүн” дептир. Эжем катуу кыйналып, сүйлөй албай калыптыр. “Ысып атам” деген экен, көрсө ичеги тешилгенде ушундай болот тура. Бирок Лейла аттуу дарыгер ага маани бербептир. Эжем операция кылдырган клиника шаардын борборунда жайгашкан. 400 чарчы метр аянтты ээлеп, жаркырап турганы менен жөнөкөй УЗИси жок экен. Эжем ал жакта кыйналып жатканда "Тез жардамды" да чакырышкан эмес. Бизге болсо операциядан кийин организмдин кадыресе реакциясы катары айтып жатышты".

Жаркындын айтымында, менчик клиниканын дарыгерлери эжеси эс-учун жоготкондо гана “Тез жардам” издеп, ооруканага жаткыруу керектигин эскерткен.

"Ичегилери эзилип кеткен"

Менчик клиниканын шаардагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү менен келишими жок болгондуктан, бейтаптын жакындары тааныштары аркылуу Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирген.

"Тааныштардын жардамы менен Улуттук госпиталдын жаткыздык. Ал жактан "курч перитонит" деген диагноз коюшуп, операцияга алып киришти. Эки хирург эжемдин ичин ачканда нес болуп калышыптыр. Липосакция кылган шиш темир ичегисинин эки жерин тешип кеткендиктен, ичегидеги болгон заттын баары сыртка агып чыгып, канга аралашып кетиптир. Беш күн бою кыйналып жата бергенге ичегилери 10-12 саат кайнаткан эттей эзилип кеткенин айтышты. Дарыгерлер ичин жаба албай, ачык калтырышты, Улуттук госпиталдын дарыгерлерине эч дооматым жок. Алар колунан келгенин жасады. Эжем жандандыруу бөлүмүндө үч күн жатып, 18-июнда каза болду".

Жакындарынын айтымында, маркум 29-июнда 41 жашка чыкмак. Жалгыз бой эненин артында эки баласы калды.

Милиция териштирүү баштады

Милиция бул фактыны каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындаганы кабарланды.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева иштин жагдайды тууралуу мындай маалымат берди.

"Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Жазык кодексинин 146-беренеси боюнча ("медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо") иликтөө жүргүзүлүп, зарыл экспертизалар дайындалган".

Маркумга операция жасаган дарыгер менен байланышууга аракет кылдык. Жакындары ал ооруканада жатканын айтуу менен гана чектелди. Ал иштеген Art сlinic жабык турат. Учурда клиниканын интернеттеги сайты жана ал тууралуу маалыматтар өчүрүлгөнүн көрүүгө болот.

Клиниканын атын атагысы келбеген дагы бир өкүлү маркумдун ушул жерден комага түшкөнүн четке кагууда. Ал соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жок бүтүм чыгаруу эрте экенин белгиледи.

"Бейтап биздин клиникадан комага түшүп калган деп айтуу кыйын. Себеби соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Алар өлүмдүн себебин аныкташат да. Бизде жатканда ал "коматоздук" абалда болчу. Мен өзүм дарыгер эмесмин. Машине менен ташууга мүмкүн болгон абалда Улуттук госпиталга жибергенбиз. Андан ары эмнеден улам каза тапканын билбейбиз. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөтөт да. Азыр биздин клиника жабык, 1-июлдан тарта ишин токтотот".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Art clinic клиникасына 2018-жылдын 18-октябрында "диагностикалык кызмат көрсөтүү" деген багытта уруксат-лицензия Алина Алиеванын наамына алынган.

Анын расмий веб-сайтындагы жарнамадан липосакция, блефаропластика сыяктуу операциялардын бир нече түрү жасалары жазылган, дарыгерлердин тизмеси, интенсивдүү терапия палатасы бар экени көрсөтүлгөн.

Жабыркагандар көбөйүшү мүмкүн...

Министрлик быйыл апрель айында Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндөгү сулуулук клиникаларын жана косметологиялык салондорду текшерип, бир катар санитардык талаптарды жана мыйзам бузууларды аныктаган.

Кыргызстандын косметологдор биримдигинин жетекчиси Динара Аймукамбетова менчик клиникалардын, сулуулук салондорунун ишин тыкыр көзөмөлгө албаса, жогорудагы окуя дагы кайталанышы мүмкүн деген ойдо.

"Баш калаада мындай клиникалар көп эле ачылып жатат. Бирок эч кандай көзөмөл жок. Шаардагы айрым пластикалык операцияларды жасаган жайларды текшерип, мыйзам бузууларды аныктадык. Бирок мамлекет аларга карата кандайдыр бир чара көргөн жок. Текшерсе текшерип коет экен деп, эч ким тоготпой калды. Жазасыз каларын билип, кайра эле жаңысын ачып жатышат. Азыр пластикалык хирургия кирешелүү тармакка айланды. Сөзсүз көзөмөл жана мамлекет тарабынан чектөө керек. Себеби биздей чакан өлкөгө мынча көп пластикалык операция жасаган клиниканын кереги жок".

Аймукамбетованын белгилешинче, сулуулук операцияларын жасоо Кыргызстанда акыркы жылдары гана жайыла баштагандыктан анын тобокелдиктерин жана кесепеттерин эске алган жол-жоболор иштелип чыга элек. Мындан улам кардарга липосакция же башка сулуулук операцияларын жасаган дарыгерлер ката кетирип, шалаакылык кылган учурда кандай жаза тартары белгисиз.

"Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында пластикалык хирургия боюнча ординатуранын ачылганына үч-төрт эле жыл болду. Атайын адистешкен факультет жок, клиникалык протоколдор иштелип чыккан эмес. Ушундан улам ката кетирген дарыгердин күнөөсүн далилдөө татаал", - деди Аймукамбетова.

Өлкөдө буга чейин липосакциядан адам өлүмү катталган учурлар болгон эмес. Бирок айрым сулуулук салондорунда жасалган татуаж, маникюр сыяктуу аракеттерден кан аркылуу жугуучу айрым оорулар жайылып жатканы айтылып келген.

"Азаттыктын" архиви: Сарык кыскарткан өмүрлөр





Губернаторы России
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальный культурно-досуговый центр «Полярный» достроят в этом году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Невеста Тимати сводит с ума туристов откровенными купальниками на Мальдивах




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России