Таласта “Куттуу элдин урааны Манас” республикалык форуму өттү
24-25-июнда Талас облусунда “Куттуу элдин урааны Манас” республикалык форуму жана манасчылардын, төкмө акындардын эл аралык фестивалы өттү.
Облустук администрациянын маалыматына караганда, фестивалга Түркия, Казакстан өлкөлөрүнөн расмий өкүлдөр жана маданият кызматкерлери конок катары келип катышты.
Республиканын бардык аймактарынан чогулган манасчылардын фестивалы 24 саат бою уланды.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев катышып, баяндама жасашты.
Төкмө акындардын айтыш таймашынын жалпы байгеси 700 миң сомду түздү.
Манасчылардын фестивалынын жыйынтыгы менен «Манас» театрына автоунаа белек кылынды. Ар бир манасчыга жана Салбуурун оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. (RK)