Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Маймыл чечеги: Дүйнөдө чукул кырдаал жарыяланабы?

0
Маймыл чечеги: Дүйнөдө чукул кырдаал жарыяланабы?

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Газдан түшкөн кирешени "чачкан" экс-президент

Eurasianet басылмасы Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун экономикалык мурасын талдап чыкты. Мердан Аманов деген каймана ысым менен жазып жүргөн изилдөөчү адегенде экс-президент 15 жыл мурун бийликке келгенде өлкө экономикасы негизинен газ экспортунун эсебинен өскөнүн, 2015-жылдан тарта ал тармакта кризис башталганын баяндаган.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Түркмөнстандын ички дүң өнүмдүн өсүшү Бердимухамедов президент болуп шайланган 2007-жылы 12,5 миллиард доллардан ашса, андан кийин кескин төмөндөп, 2019-жылдан тарта кайра калыбына келе баштаган.

Автор төмөндөөнүн эки себебине токтолгон. Биринчиден, табигый газ өндүрүү тармагы инновацияларды, жумушчу күчтү, жаңы ишканаларды, көбүрөк иш орун түзүүнү анча талап кылбайт. Экинчи жагынан, газдан түшкөн киреше “Аваза” туристтик зонасы сыяктуу зарылчылыгы жок долбоорлорго, административдик имараттарды, кымбат мейманкана жана эстеликтерди курууга коротулуп келген.

Андан ары айтылгандай, Бердимухамедов валютанын көмүскө рыногун мурунку президент маркум Сапармурад Ниязовдон мурастап алган. 1998-жылдан тарта өлкөдө чет өлкөлүк валюта сатууга жана сатып алууга тыюу салынган. Чектөө 2008-жылы алынган жана бир АКШ долларынын курсу 3 манаттын айланасында расмий бекитилген. Мындай төмөн курстун арты менен катардагы жарандар импорттук машинелерди, электроника өңдүү товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жашоо деңгээли көтөрүлгөн.

Бирок газдын баасы төмөндөп, Орусия жана Иранга экспорт токтоп, кийин үзүл-кесил сатылгандыктан кубаттуу валюта өлкө казынасына аз түшүп, 2016-жылдан тарта доллар, евро алмаштыруу курсу кайрадан чектелген.

Натыйжада көмүскө рынок кайрадан гүлдөй баштады. Бул өз кезегинде, инфляцияга алып келди.

Макалада түркмөн бийлиги инфляциянын көрсөткүчтөрүн ачык жарыялабай турганы белгиленет. Ал эми Эл аралык валюта фонду 2016-2021-жылдары Түркмөнстанда инфляция 6-21% ортосунда болуп турган деп болжолдойт. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин профессору Стив Ханке 2017-жылы инфляция 50%, 2018-жылдын ортосунда 350% жеткенин, былтыр кайрадан 50% ылдыйлаганын жазган.

Аягында изилдөөчү Бердимухамедов газ кымбат болуп турган кезде түшкөн кирешени саламаттык сактоо, билим берүү, инфарструктурага жумшоонун ордуна жогоруда айтылган кымбат баалуу, кеңири калкка пайдасы тийбеген долбоорлорго сарптап келгенин баса белгилейт.

Маймыл чечеги жараткан коркунуч

The Washington Post гезитинин жазганына караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечегинин жайылышына байланыштуу глобалдык алкакта чукул абал жарыялоону караштырууда. Женнифер Хасан жана Аннабель Тимсит 24-июнда жарык көргөн макаласында муну менен тез тарап жаткан илдетти ооздуктоо чаралары күчөтүлөрүн жазды.

Макалада келтирилген статисткикага ылайык, өткөн айда Британияда вирустун 800дөй жаңы учуру катталган. Бул Борбордук жана Батыш Африкадан тышкаркы аймактардагы эң жогорку көрсөткүч. Беш күндө Британияда маймыл чечегине чалдыккандар дээрлик 40 пайызга өстү. Андан кийинки орундарда Испания, Германия жана Португалия жайгашкан. Европа ушу тапта илдеттин очогуна айланганы менен вирус башка жерлерде да тарап жатат. Соңку алты аптада 48 өлкөдө бул ооруну 3 миң 200 киши жуктуруп алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 15-июнга карай тараткан маалыматка ылайык, өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.

Гезиттин журналисттери 2020-жылдын январында эл аралык уюм Covid-19га байланыштуу чукул кырдаал жарыялаганын эске салышат.

Азырынча европалык өлкөлөр негизинен вирусту жугузуп алуу коркунучуна туш болгон топторду аныктоо, илдетке кабылгандарды изоляцияга алуу менен алек. Ал эми ДССУ чукул кырдаал тууралуу чечим кабыл алса, тиешелүү чаралар күчөтүлмөкчү.

Журналисттер бул оорунун симптомдору, жугуу жолдору тууралуу кеңири айтып беришкен. Кадимки чечек оорусу 1980-жылдары түп тамыры менен жок кылынгандан кийин ага каршы вакцина чыгаруу токтогон. Эксперттер бул жаңы вирус эместигин эске салышат жана Африкада бир топ жылдан бери жайылып жүргөнү менен, көп көңүл бурулбаганын белгилешет.

ДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсустун маалыматына ылайык, быйыл Африкада оорунун бир жарым миң учуру катталган, 70тей бейтап андан көз жумган.

Марадона дарыгерлердин шалаакылыгынан өлгөнбү?

Аргентиналык даңазалуу футболист Диего Марадонанын дарыгерлер тобу анын өлүмүнө байланыштуу сот алдында жооп беришет. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) 23-июндагы санында маалымдады. Буэнос-Айрестеги кабарчылар Раян Дюб жана Силвина Фрилдевски жазганына караганда, күнөөлөрү далилденсе, догдурлар менен медайымдар 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Марадона 2020-жылдын ноябрында жүрөгү кармап көз жумган. Анын алдында ага операция жасалып, мээсиндеги тромб алынган.

Бардыгы болуп 8 кишиге, арасында жеке дарыгерине “адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” үчүн айып тагылууда.

Өткөн жылы 20 эксперттен турган комиссия маркумду дарылоодо олуттуу калпыстыктар кетирилгенин билдирген. Маселен, отчетто Марадонанын операциядан кийин, жакшылап тыңый электе тез эле үйүнө чыгарылышы, саламаттыгына байланышкан тобкелдиктер көңүл сыртында калганы белгиленген.

Макалада айтылгандай, футбол легандасынын өлүмү аргентиналыктар үчүн чыныгы трагедия болгон. Өкмөт 3 күнгө улуттук аза күтүү жарыялаган.

Марадона баңгичилик, алкоголь, ашыкча салмагы менен күрөшүп келгени да белгилүү. Мексика жана Аргентинадагы майда клубдарда машыктыруучу болуп иштеген мурдагы футболисттин саламаттыгы акыркы жылдары начарлап кеткен.

Жеке дарыгери Леополдо Лукенин адвокаты анын эч кандай күнөөсү жоктугун, апелляциялык арыз берерин айтат. Медициналык топтун калган мүчөлөрү да дооматтарды четке кагууда.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

В Пушкинский день театр кукол «Ульгэр» выступил в райцентре Ресрублики Бурятия: Россия и Культура, Дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Третий этап шахматного турнира завершился в Егорьевске

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании


Даниил Медведев

Даниил Медведев одолел 121-ю ракетку мира Меджедовича и вышел в 1/8 финала Рима



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России