Баткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталды
Бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барып, Баткен шаарында Медициналык окутуу жана дарылоо борборунун пайдубалын түптөөгө катышты.
Мамлекеттик медициналык академия борборунун курулушуна тышкы инвесторлордон 93 млн. сом жумшалып, жабдуулар үчүн кошумча 100 млн. сом караларын айткан президент Жапаров ушундай эле медициналык борборлорду бардык облус борборлоруна куруу болжолдонгонун кошумчалады.
Аталган курулуш эки жыл аралыгында бүткөрүлөрү кабарланды.
Президент Садыр Жапаровдун Баткенге иш сапары жана андагы иш-чаралар тууралуу маалымат кызматы кабар тарата элек. (JsA)